Мээге зыян келтирген азыктар

3-Май 2018, Бейшемби, 10:01

Шекер

Шекердин таттуу даамын жокко чыгара албайбыз. Бирок ден-соолук үчүн көп колдонуу өтө зыяндуу экенин да унутпашыбыз керек. Чамадан сырткары шекер колдонуу мээ функцияларына тоскоолдук жаратат. Жасалган изилдөөлөрдө мээнин активдүүлүгүн жайлатып, эске сактоо жөндөмүн төмөндөтүп, акыл-эске зыян алып келет.

Каныккан майлар

Чамадан сырткары каныккан май колдонуу мээ функцияларына зыян келтирет. 6000 аялга 4 жыл бою жасалган изилдөөнүн натыйжасында каныккан май колдонгондордун эске сактоо жөндөмүн төмөндөтөт. Ал эми зайтун майы сыяктуу пайдалуу майларды колдонгондордо эске сактоо жөндөмү жакшырганы байкалган.

Чипсы, пицца жана башка ундан жасалган азыктар: «Fast food» тамактары балдардын акылына терс таасир берери аныкталган. Мээнин туура өнүгүшү үчүн балдардын жеген тамактарына маани бериш керек.

Туздуу тамактар

Жүрөккө зыяндуулугу белгилүү болгон туздуу тамактар мээге да зыян алып келет. Изилдөөлөр боюнча, жогорку өлчөмдөгү натрий мээнин иштөөсүнө зыян берерин көрсөткөн.

Куурулган тамактар

Куурулган тамактары Альцгеймер, Паркисон сыяктуу неврологиялык ооруларды козгой тургандыгы байкалган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!