Окумуштуулар аккан оорусун эмдөөнүн жолун табышты

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 15:38

Бостон университетинин окумуштуулары балдар менен чоңдорду зыян тийгизүүчү агрессивдүү Т-клеткалары аккан оорусунун көбөйүшүнө таасир бере турган “UFD1” белогун аныктады. Бул тууралуу “EurekAlert!” басылмасы шилтеме берет.

“UFD1” белогу клеткаларда убиквитин-көз карандуу сигнал жолдоруна белоктордун азаюсуна катышат. Убиквитин – башка белокторго кошулуп, алардын активдүүлүгүн өзгөрткөн, клеткадагы кичинекей белок. Аталган учурда ал “NPLOC4-UFD1-VCP” сыяктуу белоктордун курамында болгон “UFD1”ди аныктаган форманын ролун аткарат. Натыйжасында белоктор татаал зыян чеккен белоктор менен биригип, алар менен бирге цитоплазмага карай бет алат. Цитоплазмадагы протеасома эки белокту да жок кылып жиберет.

Аныкталгандай, аккан оорусунун агрессивдүү түрүндө өзгөрүшкө учураган ткандардагы “UFD1” белокторунун деңгээли артат. Бирок зыяндуу клеткалардагы “UFD1” белокторунун бөлүнүшүнө жооп берген гендердин активдүүлүгүн 50 пайызга төмөндөтсө, белоктун жалпы деңгээли төмөндөп гана койбой, шишиктин өсүүсү да токтобойт. Өз кезегинде анын соо ткандарга түздөн-түз таасири болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!