Инфекцияны алдына алуунун жолдору

8-Май 2018, Шейшемби, 10:18

Ичеги-карын инфекциялары (КИИ) – инфекциялык оорулардын кеңири таралган тобу. Диареянын (ич өткөк), интоксикациянын өнүгүүсү, көпчүлүк учурда көптөгөн бактериялар, вирустар тобу болуп саналган, – организмдин суусуз калышы, ичеги-карын моторикасынын бузулушу менен коштолот.

Ичеги-карын инфекциясын козгоочулар сырткы чөйрөдө туруктуу келип, колдордо, идиш-аяк, оюнчук, күнүмдүк тиричилик буюмдарында, ошондой эле бейтап адамдын заңы менен булганган жер кыртышы менен сууда узак убакыт сакталат. Алардын айрымдары тамак-аш азыктарында бөлмө температурасында же төмөнкү температураларда деле көбөйүүгө жөндөмдүү келишет.

Курч мүнөздөгү инфекциялардын негизги белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, курсактагы сайгылашуулар жана ооруксунуу сезими, ич өтүү, көңүл айнуу, кусуу жана алсыроо.

Жугуунун негизги жолдору – фекалдык-оралдык, тамак-аш, суу жана тиричилик жолдору, суу, күнүмдүк пайдаланылуучу буюмдары, оюнчуктар, бейтаптын инфекцияланган фекалиялары аркылуу. Айрым бир инфекциялардын жугуусуна курт-кумурскалар (чымын, таракан) чоң роль ойношот. Ичеги карын инфекциясынын жугушуна кир шарттар, өздүк гигиена эреже сакталбагандыгы, даярдоодо жана сактоодо санитардык эрежелердин бузулулушуна жол берилген тамак-аш азыктары шарт түзөт.

Тамак-ашты пайдалануу

Жашылча, жер-жемиш өңдүү азыктарды таза жууп-тазалоону талап кылат. Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү пайдаланууга болбойт.

Азыкты даярдоодо

жана мал эттери жана сүт өндүү көптөгөн чийки азыктарга негизинен патогендик микроорганизмдер тарабынан урук ташталуусу мүмкүн. Кайнатуу (кууруу) процессинде бактериялар жок кылынат, бирок азык-түлүктүн бардык бөлүктөрүндөгү температура 70°С болууга тийиш. Эгерде сөөктөгү эт чийки болсо, анда аны толук даяр болгуча кайрадан духовкага жайгаштырыңыз. Даярдап жаткан учурда, мейли мал же куш эттеринен тамган нагыз кызгылт эмес, тунук болуусу шарт. Тоңдурулган эт, балык жана куш эти кулинардык иштетүүлөр алдында толук эритилип алынуусу зарыл, азыкты бөлмө температурасында эритүүгө болбойт. Эт туура эритилиши үчүн аны тоңдуруучу камерадан алып чыгып, идишке же тарелкага салуу менен муздаткычтын төмөнкү бөлүгүнө жайгаштыруу керек.

Даяр азыкты дароо пайдалануу

Даярдалган тамак бөлмө температурасына чейин муздаган соң андагы микробдор көбөйө баштайт. Коопсуздукту сактоо үчүн даяр болгон тамакты дароо пайдаланыш керек.

Тамак азыктарын сактоо

Даяр болгон тамакты бөлмө температурасында 2 сааттан көп кармоого болбойт. Эгерде даярдалган жана арткан тамак-ашты сактап койгуңуз келсе, анда ал ысык (болжол менен 60°С) же муздак (муздаткычта) түрүндө сакталуусу зарыл.

Азыкты ал тургай муздаткычка дагы көпкө сактоого болбойт.

Бул кеңешти Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат иретинде таратты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!