Дарыгерлер адам терисин принтерде басып чыгара башташты

10-Май 2018, Бейшемби, 10:52

Канадалык дарыгерлер адам терисин калыбына келтирүүгө арналган ылдам жумуш аткарган 3D-принтерин тааныштырышты. Бул каражаттын өзгөчөлүгү адамдын күйүп калган терисин бир аз мүнөттө калыбына келтире алат. Бул тууралуу “Engadget” басылымасы билдирет.

Торонто университетинин окумуштуулары кураштырган принтер “U of T bioprinter” деп аталат. Чакан гана аппарат дененин күйүп калган жерин саналуу мүнөттүн ичинде дарылай алат. Ал үчүн үчүн принтерге биологиялык материал салынып, ал жасалма териге айланат. Ал эми дарыгерлер эми ушул терини адам денесинин күйүп калган жерине жамап берет.

Убакыт өткөн сайын бул тери денеге ылайыкташтырылып, жараны бүтөйт. Адистердин айтуусу боюнча, “U of T bioprinter” принтери колдонууга берилгенден кийин дарыгерлерге тери донору керек болбойт.

Эми дарыгерлер келечекте, принтерди адамдарга колдонууну пландап жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!