Стрессти жоюуга жардам берген азык

Стрессти жоюуга жардам берген азык
6-Сен. 2018, Бейшемби, 11:07

Окумуштуулар адамдын психологиялык абалы менен анын тамактануусу бири-бири менен тыгыз байланышта экенин айтышат.

Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү стрессти жоюуга жардам берген азыкты аныкташты. Бул адаттагы эртең мененки тамакта жей турган жумуртка болуп чыкты. Дал ушул азык стресс гормону деп аталган адреналинди таштоого мүмкүндүк берет экен.

Изилдөөчүлөр тажрыйба жүргүзүү максатында ыктыярчыларды үч топко бөлүп, эртең мененки тамакка түрдүү азыктарды беришкен. Бир айдын ичинде биринчи топ тоок жумурткасынан жасалган түрдүү тамак-аштарды жешкен. Ал эми башка топтогулар сулу боткосун жешсе, дагы башкасы тез даярдалуучу сулуну пайдаланышкан.

Натыйжасында, адамдын күнүмдүк эртең мененки тамагына бир же эки жумуртка жеп туруусу стресстен арылтаары жана ага бек турууга жардам берери аныкталган. Мындай касиет жумурткада кездешкен белок менен түздөн-түз байланыштуу экен.

Ал эми тез даярдалуучу сулу боткосу стресске чалдыктырат экен. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, бул азык организмдеги канттын өлчөмүнө терс таасир тийгизет. Мындай азыкты жегенден кийин канттын деңгээли көтөрүлүп, анан дароо түшөт экен.

Ошондой эле, тооктун жумурткасынын адамдын психикасына пайдалуулугу тууралуу Колумбия университетинин окумуштуулары тарабынан да далилденген. Эртең мененки тамакка омлет жеген нерв системасын «чыңдап», ички-сырткы терс таасирлерге чыдамкай болуу жөндөмүн артырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!