Остеохондроз кыйнаса

Остеохондроз кыйнаса
8-Сен. 2018, Ишемби, 14:03

Желкеге туз жыйналып калса массаждын баардык түрлөрүн жасоо менен басууга болот. Ал эми элдик медицинада кандай ыкмаларды колдонсо болот?

Патриния чөбүн кайнатып, күнүнө 50 граммдан үч жолу эки ай бою ичиш керек.

Туз тунган жерге жылкынын майына бал аралаштырып сүйкөйт.

Майоранды сууга салып кайнатып, бутту ошо сууга салып отуруп, буулап көрүңүз. Дарылоо убактысы – 10 күн.

Алма уксусунан – жарым литр, спирт – 100 г, кызыл ачуу мурчтан 7 даана алып, аралыштырып, 7 күн жылуу жерде кармоо кажет. Дары даяр. Муну белге сүйкөп, компресс жасайсыз. Бул ыкманы 10 күн бою үзбөй кабылдоо керек.

Бел ооруганда семичка майынын 100 граммын, камфор спиртинин 300 граммын, камфор майынын 50 граммын алып аралаштырып, түндө жатарда белге сүйкөп, сыртын ороп жатыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР