Канды эртең менен тапшыруу милдеттүүбү?

Канды эртең менен тапшыруу милдеттүүбү?
12-Сен. 2018, Шаршемби, 09:58

Анализ тапшырууну жагымсыз жактарынын бири – эртең менен эрте уйкудан туруп, ооруканага баруу. Кээде эртең мененки тамактан да кур калууга туура келет. Анализ тапшыруу тууралуу кээ бир суроолорго жооп издеп көрсөк:

Эмнеге анализди эртең менен тапшыруу керек?

Кандагы эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер жана башка да кээ бир гормондордун деңгээли күнү бою өзгөрүп турат. Ошондуктан, эртең менен жана кечинде алынган анализдин натыйжалары ар түрдүү болуп чыгат. Аларды салыштыруу дарыгерге кыйынчылык жаратат. Ошону менен катар, кээ бир изилдөөлөрдү жаңы биоматериалда өткөрүү керек. Мисалы, кан 4-6 сааттан ашык сакталбаш керек. Ошондуктан, анализ эртең менен түшкөн кезде лаборант үлгүнүн бузулбаганына ишенимдүү болушу кажет. Жеке лабороториялар анализди күнү бою кабыл ала беришет. Бирок, бир анализди бир нече ирет тапшыруу керек болсо, лабороторияга күндө бир убакытта келгени оң.

Ачка болуу милдеттүүбү?

Ал анализдин түрүнө байланыштуу. Кээ бир анализдерге тамак таасир этпейт. Бирок кан тапшырарда майлуу тамак жебеген оң. Ал канды бир нече саатка бүдөмүк (чаңдатат) кылат. Британиялык жана америкалык окумуштуулар анализ тапшырардын алдында ачка болуу милдеттүү эмес экенин айтышат. Алардын ою боюнча, жыйынтыкка таттуу жана майлуу тамактар таасир бериши мүмкүн. Бирок көптөгөн дарыканалардагы эреже боюнча анализди ач карын тапшырыш керек.

Дагы эмне кылууга болбойт?

Анализ тапшырардын алдында тамеки тартууга, суудан башка нерсе ичүүгө, сагыз чайноого, спорт менен машыгууга жана кээ бир дарылар менен БАК (биологиялык активдүү кошумчаларды) ичүүгө болбойт. Мунун баардыгы натыйжага таасир берет.

Кан тапшырган кезде оору жуктуруп алуу коркунучу барбы?

Жок. Эгер оорканада бир жолу пайдаланылчу колкап колдонбосо же куралдар бардык эреже боюнча тазаланбаса, анын лицензиясын тартып алат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!