Зыяндуу шишиктин алдын алуу жолдору

14-Апр. 2017, Жума

Көкүрөк бездеринин зыяндуу шишик оорусу акыркы убактарда аялдарда көп кездешкен оорулардын бири болуп келет. Мисалы Америкада көкүрөк бездеринин зыяндуу шишиги менен аялдардын 70 пайызы ооруйт.

Адам организминде көкүрөк бези жана аялдардын жыныс органдары нерв системасы менен кандагы гармондор аркылуу байланышат.

Ушул байланыш тууралуу мындай мисал келтирсе болот: кээде катуу ачууланганда аялдардын айызы токтоп, же болбосо эмизип жүргөн энелердин сүтү чыкпай калат. Бул бир жагынан диагностиканын жакшырганынан кабар берсе, экинчи жагынан аборттун көбөйүүсүнөн кабар берет. Көкүрөк рагынын пайда болушу балдарды аз төрөгөндөн, наристени эки жашка чейин эмизбегендик менен түздөн-түз байланыштуу.

Мунун баарын аялдардын жыныс органдарынын оорушуна, гормоналдык теңме-теңдиктин өзгөрүшүнө, көкүрөктө ар түрдүү зыяндуу шишиктин пайда болуусуна алып келет. Бул гармондор көп өлчөмдө узак убакыт боюу кан менен байланышта болуусу оорунун татаалдашуусуна алып келип, ал көкүрөк бездеринде зыяндуу шишикке айланат.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча майлуу тамак жана шекерди көп өлчөмдө пайдаланган аялдарда эмчек рагы көп кездешкендиги байкалууда.

Бул организмдеги баланстын бузулуусуна таасир берген негизги факторлордун бири. Эгер аял үч айда майлуу тамак-аш ичүүнү кыскартса, организмдеги эстроген гормону азаят. Ошондон улам сүт бездериндеги зыяндуу шишиктин пайда болуусу төмөндөйт. Сүт бездеринин мастопатиясы 30-45 жаштагы аялдарда көп кездешет. Бирок акыркы убактарда бул оору жашарып жатат.

Көкүрөк бездериндеги зыяндуу шишиктин пайда болушунун себептери:

-Организмдеги гормондор деңгээли бузулат (айыз, генеративдик, лактациялык кызматтар);

-нерв системасынын бузулушу;

-эмчектин ар кандай жаракаттануусу;

-төрөгөндөн кийин мастит болуп ооруса.

Көкүрөк бездерин зыяндуу шишикке алып келчү оорулар:

-фиброздук, кистоздук мастопатия;

-сүт бездеринин фиброаденоматозу;

- эндокриндик нервдин бузулушу;

Көкүрөк бездерин зыяндуу шишиктен алдын алуу жолдору:

-Милдеттүү түрдө жылына 1 жолу эмчек бездерин текшерүүдөн өткөрүү керек;

-Эмчек сыздап оорутат, көлөмү чоңоюп, ткандар катуу боло баштайт;

- Сыйпалап текшергенде колго катуу бездер байкалат;

-Ашыкча салмактан арылыңыз, майлуу тамак-аштардан баш тартуу кажет;

-Бойго бүткөн маалда аборт кылдырбай өзүңүз табигый жол менен төрөңүз. Себеби аборт жасалган маалда эненин организминде гормондордун деңгээли өзгөрүлөт.

-Баланы төрөлгөндөн баштап жок дегенде 2 жашка чыкканга чейин эмизүү зарыл;

-Гигиеналык тазалыкты сактаңыз;

-Жазында күн алдында көп убакыт болуудан сактаныңыз;

-Көкүрөк жаракаттанып калуудан сактоо (кесип алуудан, катуу соккудан, көгөрүүдөн ж.б)

-Күн сайын жашылча-жемиштер менен тамактаныңыз;

-Боор, калкан бездериндеги ооруларды дарылап туруу;

-Туура тамактануу кажет.

30 жаштан ашкан баардык аялдар жылына 1 же 2 ирээт дарыгерлерге көрүнүп туруусу зарыл. Көптөгөн окумуштуулардын билдирүүсү боюнча көкүрөктө кездешкен зыяндуу шишикти өз убагында дарылап, алардын кээ бир түрлөрүн химиялык жол менен алып таштоого болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!