Өтө кеч тамактануу ден-соолук үчүн кооптуу

Өтө кеч тамактануу ден-соолук үчүн кооптуу
12-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 12:59

Американын кардиологоя ассоциация бөлүмүнүн окумуштуулары өтө кеч тамактануу ден-соолукка кооптуу экендигин аныкташты. Мындай абал бир гана кооптуу болбостон, кант диабет жана жүрө-кан тамыр ооруларын дагы пайда кылмакчы.

Изилдөөгө 12,7 миң латын америкалыктар катышкан. Алар 18, 76 курактагылар. Алардын тамактануу балансы боюнча эки күндүк көзөмөл жүргүзүшкөн. Илилдөөнүн жыйынтыгында саат алтыдан кийин тамактангандардын кандын курамында инсулин көп болгондугу байкалган. Ошондой эле алардын кан басымынын өлчөмү жогору болгондугу да аныкталган. Өтө кеч тамактангандарда диабет жана гипертония оорулары дагы пайда боло тургандыгы байкалган. Изилдөөнүн башкы адиси Нур Макарем: “Туура эмес тамактануудан улам өнөкөт оорулардын козголо тургандыгын да эскертип өттү”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!