Эмнеге таттуу тишти бузат?

Эмнеге таттуу тишти бузат?
13-Ноя. 2018, Шейшемби, 11:31

Тиш тамакты майдалап, жегенге ыңгайлуу кылып берген сезимсиз адамдын мүчөсү эмес. Анын да өзүнө таандык кызматы бар. Организмдин башка дагы бөлүктөрү сыяктуу тиш мээге белги жибере алат. Ушундайча мээ тиштин абалынан кабардар гана болуп койбой, ага ыңгайлуу жагдай жасаш үчүн ага каршы-багытта белги берет.

Мисалы, тишке зыяндуу, каттуу затты тиштесеңиз, мээге анын кооптуу жана зыян экени тууралуу маалымат келет. Анын баардыгы эмалдын алдына жашырылган нерв тамырлары аткарат. Назик нерв тамырларын эмалга улай албайбыз. Аларды бириктирген жумшак каптамалар бар. Ал пульпа деп аталат.

Бул пульпаларга жакын нерв тамырлары орношкон. Пульпа менен эмалдын ортосунда тиштин сыртын каптаган кабат бар, аны дентин деп атайт.

Дентиндин курамы эмаль сыяктуу катуу эмес. Курулушу жагынан да айырмачылык бар. Детиндин кууштары көп жана ичке каналдары бар. Ал аркылуу пульпада жайгашкан нерв тамырлары зыян тарткан эмалга бара алат.

Дентиндин ичке каналдары суюктукка толтурулган. Ошонудуктан ооруну нерв тамырлары аркылуу пайда болгон химиялык реакциянын молекулалары гана пайда кылбайт. Андан башка, суюктуктун капыстан өзгөрүлгөн температурасы ооруну козгойт.

Тиш механикалык сүрүлүүдөн эмес (тийишкенден эмес), химиялык реакциянын натыйжасында ооруйт. Кээ бир заттар эмаль менен реакцияга түшүп, анын баштапкы калпын бузат. Эмалды бузган химиялык реагенттер тамак аркылуу түшпөйт, алар метоболизм натыйжасында ооз көңдөйүндө жашаган бактериялардын козголушунан пайда болот.

Мысалы, канттын өзү эмалга зыянын тийгизе албайт. Бирок стрептокок менен лактобактерияларды козгойт. Канттын жардамы менен алар сүт, кумурска кычкылдарын өндүрүшөт. Алардын көп өлчөмдө пайда болушу эмалддын кызматын бузат. Ушундайча, таттуу эмальды алсыратып, тиш оорусун пайда кылат. Бактериядан кутулуу мүмкүн эмес, бирок ооруну алдын алууга болот. Кант кошулган тамак-аштарды аз өлчөмдө колдоно билиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!