Алжып калбоо үчүн тогуз кеңеш

Алжып калбоо үчүн тогуз кеңеш
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 12:15

Алжып калуу- акыл-эстин өөрчүбөй калуу процесси болуп саналат. Мындай ооруга кабылган адамдар өз алдынча тамак-аш ичүүдө, кийинүүдө жана коомчулукка аралашканда кыйналат. Алар өздөрүнүн ички сезимдерин дагы башкара албай калат. Бул ооруу көбүнчө элүү жаштан өткөн адамдарда пайда болот. 65 жаштан өткөн адамдардын кабылуу коркунучу 5 пайызды түзсө, 85 жаштан өткөндөр 40-50 пайызды түзөт.

Алжып калуунун белгилери

1.Сүйлөө учурунда такалып, кыйналуу

2.Оюн топтой албагандык

3.Өзүн абдан алсыз сезгендик

4.Жөнөкөй күнүмдүк шарттарды аткара албоо

5.Кайсыл жерге баргандыгын эстей албоо

6.Жазганда кыйналуу

Алжып калуу менен Альцгеймердин айырмасы кандай?

Ар бир эле, алжып калууга кабылгандык Альцгеймер боло албайт. Бирок, Альцгеймер оорусуна кабылгандарды алжып калууга кирмекчи.

Алжып калууга кабылгандарга даба барбы?

Алжып калуунун алдын алса болот. Ал үчүн адамдар анын белгилери байкалганда, дароо түрдүү витаминдерди колдонуп алдын алуу керек.

-Угуу жөндөмүңүздү жакшыртыңыз

-Жаңы нерселерди үйрөнгөнгө аракеттениң

-Коом менен тыгыз байланышта болуп туруңуз

-Тамеки чегүүнү таштаңыз

-Депрессияда болсоңуз, андан арылууга аракеттениңиз

-Кан өлчөмүңүздү текшертип туруңуз

-Ашыкча салмактан арылууга аракеттениңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!