Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар

Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
19-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 15:37

Узакка созулган стресс, диеталар, уйкунун канбашы – мунун бары адам ден-соолугуна начар таасир берет. Биздин абалыбыз жашоо салтыбызга түздөн-түз байланыштуу. Кээ бир жагымсыз адаттарыбыз иммуниттетти алсыратып таштайт. Ал кайсы адаттар?

Дарыгерге барууга ашыкпайсыз

Дарыгерге сейрек барган адамдардын оорусу көбүнчө күчөп кетет. Эртерек текшерилип, эртерек дарылансаңыз абалыңыз да ошондой жакшы болот.

Рациондун калориясын катуу карайсыз

Калориясы аз тамактар организмге керектүү заттарды бере албайт. Жакшы тамактанбасаңыз организмдеги органдардын жумушу бузулат. Арыктоо үчүн тамактын калориясын чектеп, иммунитетиңизди алсыратып албаңыз.

Узак убакыт стресске түшүп кетпеңиз

Убактылуу стресстерге каблыган кезде организде коргонуу кызматы ишке кошулат. Бирок кзакка созулган стресстер организмдин иммундук системасын жабыркатат. Организм инфекциялар менен вирустарга каршы тура албай калат. Катуу стресс кант диабети мен остеопороз оорусуна алып келет.

Уйкуңуз канбайт

Уктаган кезде иммундук системадагы бардык процесстер ылдамдайт. Алсыз иммунитет өз калыбына келет. Ал эми эгер уйкуну чектесеңиз керектүү резервтен кур каласыз. Ошондуктан күнүнө 7-8 саат уктаңыз.

Аябай чарчаганча машыгуу

Спортменен машыккан жакшы. Бирок чектен тышкары энергия коротуу кооптуу.

Узак убакыт таарынып жүрөсүз

Ачууланган кезде жагымсыз энергиябыз эң алды менен өзүбүзгө кесирин тийгизет. Биз ачуланган кезде артериалдык басым көтөрүлөт. Жүрөк кагышы тездейт. Мунун бары стресстин симптомдару. Ал эми ал биздин иммунитетибизди алсыратат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!