Кофе көздү сактоого жардам берет

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Компьютер алдында узак убакыт жумуш иштеген адамдар үчүн кофе ичүү өтө пайдалуу. Анткени кофе көздөгү суюктук корун, тагыраак айтканда көз жашты пайда болушуна чоң пайда алып келет. Муну кароо боюнча изилдөө жүргүзгөн Токио университетинин окумуштуулары билдиришкен.

Убактысынын көп бөлүгүн монитор алдында өткөргөн адамдар «кургак көз» синдромуна көп чалдыгышат. Мындай адамдардын көздөрү ачышып, кычышып, жаш агуу процесси токтоп калат. Анын айынан көз ооруп, адам тез чарчай баштайт. “Бирок бул көйгөйлөрдү бир стакан кофе менен чечүүгө болот”,- дешет окумуштуулар. Ошондуктан жумуш үстүнө отуруудан мурда аталган ичимдиктен даам татып алганыңыз жакшы.

Окумуштуулар 78 адамга изилдөө жүргүзүп, аларды сыноого катыштырып көргөн. Алардын жарымына, таң эртең мененки 10.00дөн түшкү дем алууга чейинки убакытта плацебо таблеткасын, экинчи жартысына кофеин таблеткасын беришкен. Бул убакытта адамдын көзүндө жаш пайда болуучу убакыт.

Натыйжасында кофеин колдонгондордун көздөрү жашты көбүрөөк бөлө баштаган. Алардын 13 гана пайызында «кургак көз» синдрому байкалган. Ал плацебо ичкен экинчи тараптын 17 пайызында аталган синдром көбүрөөк байкалган.

«Эгер биздин изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы кофенин пайдасын далилдесе, ал эми медицина жаатындагылар үчүн бул чоң жаңылык болот», - дейт изилдөө тобунун жетекчиси Рейко Арита.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!