Алоенин пайдалуу касиеттери

3-Май 2017, Шаршемби

Алоэ вера биздин организм үчүн эң пайдалуу өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Аны үйдө да өстүрүп ар дайым керектүү учурда колдонсоңуз болот. Эгер бул өсүмдүк үйүңүздө өстүрсөңүз анда аны кез-кезде суу куюп, күн көп тийбеген жерде коюу керек. Анын ичке жана кичине жалбырактарындагы гелдер медициналык жакта көп колдонулат. Ал үчүн бир жалбырагын алып аны экиге бөлүп, ичиндеги гелди сыгып алуу гана керек.

Эмнеге пайдалуу?

Беттеги безеткилерди жана экземаны кетирет;

Исиркектер, жара жана башка тери ооруларына пайдалуу;

Күйүккө жардам берет;

Дүүлүгүүнү жана кычышууну басат;

Бырыштарды азайтат;

Жараларды айыктырат;

Чачка кондиционер катары колдонууга болот;

Чачтын түшүүсүн алдын алат;

Сакал алууда гелm катары колдонулат;

Алоени ички органдарга колдонууда:

Иммунитетти көтөрөт;

Кандагы шекерди тең өлчөмүн сактайт;

Тамак сиңирүүдөгү ич көбүүнү, ичтин катуусун, сайгылашуусун жана ашказанды тынчтандырат;

Зарна болгондо жардам берет

Жүрөктүн иштөөсүн жана кандын сапатын жакшыртат

Тиштин эттерин сактайт

Артриттин шишип кетүү коркунучун алдын алат.

Заара чыгаруу жолдорунун милдетин бекемдейт

Бул өсүмдүк Түндүк Африкада табылып эң алгач аны tгипеттиктер колдонуп келишкен. Алар алоени кантип колдонуу керектиги жөнүндө он экиден ашык түрдүү рецептерди ачышкан. Ошондон тартып алое салтуу жана альтернативдүү медицинада ордун таап, ийгиликтүү колдонулуп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!