Терчилдик менен кантип күрөшүүгө болот?

1-Июнь 2017, Бейшемби

Денедеги тердин бөлүнүшү- адамдын терисинде ишке ашуучу маанилүү функция.

Тер адам организминдеги ашыкча суюктук болгондуктан, анын сыртка чыгуусу-табигый көрүнүш. Бирок, денебиздин көзгө көрүнгөн жерлеринен тердин көп өлчөмдө бөлүнүүсү ыңгайсыздык алып келет. Терчил адамдын денесинен 3 литрден 14 литрге чейин тер бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Ашыкча тердин чыгуусу ыңгайсыздык гана эмес, ден соолукта бир көйгөйдун бар экенин да билдирет. Адам боюнан дене кыймылда болгон кезде жана тамак жеп жаткан учурда чыгышы ыктымал. Психогендик тер адам кубанганда же болбосо кайгырганда, ыйлаганда, убайымга түшкөндө чыгат. Мындай учурларда көбүнчө алакан менен таман тердеши мүмкүн. Дене кыймылда болгон учурда, көнүгүүлөрдү кылганда, спорт залдарында машыгуулардын аркасы менен чачтын арасы тердейт. Ал эми тамак ичип жатканда адамдын ысык тамак ичкенде маңдайынан буркурап чыгат. Спирт ичимдиктерин ичкен кезде да мас адам көп өлчөмдө тердейт.

Калыптуу өлчөмдө тердин чыгуусу-организм үчүн пайдалуу. Анткени ал зат алмашуу процесси болуп саналат. Тер бөйрөктөгү ашыкча суюктукту сыртка чыгарып, тазартат. Тердин курамы 99 пайыз суудан, 1 пайызы органикалык (кератин, амина кычкылдары, сүт кычкылдары) же болбосо органикалык эмес (май, кальций, натрий, темир, цинк) заттардан турат. Терчилдик нерв системасынын жабыркаган адамдарда көп кездешет. Алар эмоцияга берилгич келгендиктен организм ар бир эмоциялык абал кезде терди чыгарып отурат. Ага көңүл кош караган туура эмес. Ооруканаларда терчил оорунун алгачкы белгиси байкап, дарыгерлердин жардамына кайрылгандар аз эмес. Терчилдик кант диабети, инфекциялык оору, толуктук, жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң алгачкы белгилери болуп саналышы мүмкүн.

Колтуктун тердеши

Көптөгөн адамдар гипергидроздун (терчилдик) колтук жана тамандын тердешинен зыян чегип келишет. Себеи, тердеген колтук жагымсыз жыт чыгарат. Колтуктун тердөөсүнө көп учурда тар жана синтетикалык кийим себеп болот. Жана ошондой эле тер жыныс тандабайт. Көбүнчө жаш балдарда жана бой жеткендерде көп кездешет. Кичинекей балдарда байкалбайт. Колтуктун тердеши тукум куучулуктан да болот.

Эмне кылуу керек?

Тердегениңизди сезсеңиз, душ алууңуз кажет. Косметикалык дүкөндөрдө сатылган колтукка арналган дезодарантты 12 саатта бир сүйкөп турууну унутпаңыз. Ошондой эле ар күнү кечинде колтукту жуугандан кийин, 1 чай кашык ашкана содасын менен 1 чай кашык тузду 200 миллилитр эритип, кебез менен колтукка суртүү керек. Бул колтук гипергидрозун азайтат.

Алакан менен тамандын тердөөсү

Алакан менен тамандын тердеши акрогидроз деп аталат. Нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан же болбосо ичкиликке берилген адамдарда көп кездешет. Эмоциясын ичинде сактай албаган адамдардын алакандары терчил келет. Сапаты начар, бутка тар кийимдер бутту тердетип, жагымсыз жыттын чыгуусуна алып келет.

Эмне кылуу керек?

Тердеген убакта алакан арасын ачып отуруу керек. Туурасы-колду самын менен тез-тезден жууп туруу кажет.

Бут кийим тандоодо аны сапаты менен бутка чак болуусуна көңүл бөлүү зарыл.

Терчилдикти дарылоо

Терчилдиктен жапа чеккендерди дарылоо узак убакытка чейин созулат. Ошону менен бирге андан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн эмес. Эң башкысы анын себебин аныктап, гипергидрозду жоюуга аракет кылуу кажет. Дарыканалар менен косметикалык дүкөндөрдө ал үчүн түрдүү каражаттар бар. Бирок анын баарынын таасири кагазында жазылгандай эмес. Терчилдикти басуу үчүн курамында валериан, бромид, Бехтерев микстурасы бар препараттар сунушталат. Шалфей тундурмасы менен жууну менен да терчилдиктен кутулууга мүмкүн. Гипергидроз күчөп кеткен адамдар атайы терапиялык процедуралар аркылуу аны басаңдатууга тырышуу керек.

Дезодоранттар – парфюмериялык өндүрүштө кеңири чыгарылган каражат. Ал терчилдик менен эмес, жагымсыз жыттан кутулууга жардам берет. ал эми тердин бөлүнүүсүн азайтуу үчүн антиперспирантты пайдаланган оң. Курамында формальдегиди бар атайы дары-дарымектердин да жардамы тийет. Өздү гигиенаны сактап, спорт менен машыккан, сергек өмүр сүрүү-баардык ооруну алдын алуучу эң ыңгайлуу ыкма болуп саналат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!