Варикоздун арты - инсульт менен инфаркт

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Буттун тынымсыз оорушу, кан тымырдын көөп көзгө жагымсыз көрүнүшү варикоз оорусунун негизги белгилери. Бара-бара бул оору бутка эле эмес жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө коркунуч алып келери турган иш. Варикозду түп-тамыры менен айыктырып сала албаса да, дарыгерлер жеңилдетүүнүн ар кандай жолун сунуштап келишет.

Эки бутка эмитен кам көр

Медицина тилинде варикоз кан тамырдын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Варикоз - көбүнчө айымдардын көйгөйү. Бул оору негизинен адамдарга гана мүнөздүү илдет. Мындай көйгөйдөн жабыркаган бир да жаныбар жок. Анткени алардын денесинин салмагы төрт бутка бөлүнсө, адамдардыкы эки бутка күч келтирет. Эгер аталган ооруну алдын албаса ар бир бешинчи аялдын 40 жашка барганга чейин кан тамырлары чыгып, жагымсыз көрүнүп калышы мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, дарыгерлердин айтымында, бул оору жыл сайын "жашарып" баратыптыр. Флебологдор варикоздун алдын алуунун ишенимдүү ыкмасы жок дешет. Бул оору тукум куучулук жолу менен өтүшү да мүмкүн экен. Ошентсе да буттарга туура кам көрүү менен бул ооруну 50-55 жашка чейин кечеңдетсе болот.

Туура тамактанбасаңыз тушаласыз

Организмде жүрөккө кан ташуучу жоон кан тамыр (вена) клапандары бар. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар ар кандай себеп менен (туура эмес тамактануу, организмдердин жабыркашынан ) улам жабылып, канды чыгарбай калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам жоон кан тамырлар серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер терини тээп, тултуюп көрүнүп калат. Бул белги варикоз оорусунан кабар берет. Буттун кан тамыры көөп, басканда, кыймылдаганда күч келтирип оорутат.

Варикоздун белгилери:

Буттун кан тамырлары лукулдатып ооруп, тарамыштар тартылып, бут тырышат.

Бут кийимди чечкенде кызыл ашыктын тегереги, томуктар шишип чыгат, ысытып ооруйт.

Бут талып, салмактанып, балтырлар лукулдап ооруп чыгат.

Буттун терисинин өңү өзгөрө баштайт.

Бут оңой менен ысык-суукту сезбей, дайыма уктап калганда чымырап ооруткан абалда болот.

Абайлабаса арты жаман

Аз кыймылдуулук, дайыма туруп же отуруп иштөө, оор жумуштарды кылуунун баары варикоз оорусунун пайда болушуна шарт түзөт. Жыныстык гормондор бузулганда же өзгөргөндө өзгөчө аялдарга коркунуч туулушу мүмкүн. Аял кош бойлуу кезинде салмак кошкондо кан тамырларга күч келип, кан тамырлар жооноет. Көпчүлүк аялдардыкы төрөгөндөн бир жыл өтүп калыбына келсе, айрым аялзатынын кайра калыптанбай да калышы мүмкүн. Варикоздон улам аял төрөттөн эрте калган учурлар бар.

Варикоз оорусу барларга күнгө күйгөндө, мончого барганда, тар ич кийим кийгенде коркунуч жаралат. Себеби, тар ич кийим жамбашты бекем кысып, ал жерде кан топтолуп ооруну күчөшүнө алып келет. Ал эми мончого барганда же күнгө күйгөндө кан тамырда уюп турган кандар жибип, жанданат. Алар организмдеги канга аралашып жүрөккө жетсе инфаркка, мээге жетсе инсультка алып келиши мүмкүн.

Эске тутуп алсаңыз эч оору болбойт

Андыктан бул ооруга кабылбаш үчүн ун азыктарын, таттууну аз жеп, туз, кофе жана шорпону чектөө керек. Кош бойлуу учурда ашыкча тамактануудан кармануу зарыл. Ашыкча салмак бутка күч келтирет.

Буттун кан тамыры өзгөчө балтыр жак көөп, көзгө жагымсыз көрүнөт. Балтыр эттин булчуңдарын иштетүү үчүн колуңуз менен массаж жасап же гимнастика менен машыккан жакшы. Бутту кайчылаштырып отура турган адатыңыз бар болсо тез аранын ичинде ал адатты калтырыңыз. Варикоздун пайда болушуна бирден бир себеп-бутту кайчылаштырып отуруу.

Сауна, мончо дегенге сейрек барып, бир күндө эки жолу бутту муздак суу менен жууп туруу керек. Кечинде жумуштан келгенде бутту аш туз салынган сууга салып отурган пайдалуу. Чытырап ооруп турган буттун жазылып эс алышына аш туздун салымы чоң. Бутту өйдө көтөрүп асып он-он беш мүнөт жатканда салмактанып турган бут жеңил тарта түшөт. Оор жумуштан, оор жүк көтөргөндөн качыңыз. Жогорудагы эрежелерди сактоо варикоз оорусунун күчөп кетпешине өбөлгө түзөт, бирок өз алдынча дарыланып жүрө бербестен, жылына жок дегенде бир жолу дарыгер-флебологдун текшерүүсүнөн өтүп туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!