Баш ооруну алдын алуунун жолдору

22-Авг. 2017, Шейшемби

Америкалык медиктердин далилине ишене турган болсок, баш оору дүйнө жүзүндөгү массалык ооруга айланды. Бүгүнкү күндө баш оорудан 78 пайыз аялдар жана эркектердин 64 пайызы жапа чегип келишет. Албетте, баш ооруну дарыгерлердин жардамы менен, дары ичип айыктырууга болот. Андан тышкары бул ооруга каршы медиктер төмөнкүдөй эң жөнөкөй жолдорду сунушташат:

Уйку. Кээ бир адамдар башы ооруганда уктаса, кадимкидей эс алып калышат. Бирок, өтө көп уктаганда да баш чымырап ооруп чыгат. Анан да эң негизгиси күндүз уктабаганга аракет кылыңыз. Себеби, күндүз башы оорубаганда уктаган адам шакыйга (бир нече сааттан баштап бир нече күнгө чейин тынбай улануучу баш оору) чалдыгышы мүмкүн.

Чалкаңыздан жатканды үйрөнүңүз. Анткени, адам көмкөрөсүнөн жатканда моюн булчуңдар жакшы иштебей, баш ооруну пайда кылышы ыктымал.

Сагызды көп чайнагандар да баш ооруга тез-тез чалдыгышат. Себеп дегенде, сагыз чайнап жатканда жаак булчуңдар чыңалып иштеп, баш ооруну пайда кылат.

Шоколаддан баш тартканыңыз туура болот. Канчалык каалап турганыңыз менен анын курамындагы тирамин эртели-кеч баш ооруну козгойт.

Сууда сүзүүдө көпчүлүк адамдар суунун агымына каршы сүзүшөт. Себеби, ошол нерседен ырахат алышат. Бирок, убактылуу ырахат алганыңыз менен андан кийинки баш оору көпкө басылбай, сизди бушайман кылышы мүмкүн. Муну да эске алуу керек.

Чакчая тийген күндүн нурунан, бөлмөдөгү жарыктан сактаныңыз. Анткени, жарыктан көздү чүрүштүргөндө көзгө күч келип, жыйынтыгында баш ооруну пайда кылат. Жайында күндүн нурунан коргоочу көз айнек тагынып жүргөн оң.

Кескин жыттардан качыңыз. Кокус жаныңызга атырды (болгондо да жагымсыз жыттагы) себинген адам туруп калса, дароо башыңыз ооруп чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн мындай учурларда жаныңызга цитрус өсүмдүгүн сала жүрүңүз. Башыңыз ооруп баштаганда бир нече мүнөткө жыттасаңыз, баш оору кадимкидей тарайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!