Бөйрөктүн оорусунун башкы белгилери

5-Окт. 2017, Бейшемби, 12:05

Бөйрөк – адам организминин эң маанилүү органдарынын бири. Өзгөчө аялзаты үчүн маанилүүлүгү өтө зор. Себеби аял кишинин ден соолугу, сулуулугу менен сымбаттуулугунун башкы кепилдиги. Ошондуктан бөйрөктүн жумушунун начарлашы, анын алсыздыгы адамдын организминдеги ар турлүү дарттардан кабар берет. Ушуга байланыштуу ооруну алдын алуу мүмкүнчүлүк да табылат. Сиздер үчүн оорунун алты белгисин сунуштайбыз:

1. Бөйрөктүн алсыздыгынан бет, буту-кол, көздүн айланасы шишип кетет. Бөйрөк организмдеги сууну жөнгө салат, анын жумушу бузулса, кан айлануу начарлайт. Муну ирээтке келтирүүнүн оңой чечими уктаар алдында сууну аз өлчөмдө ичип, белге арналган көнүгүүлөрдү аткаруу керек.

2. Адамдардын тез үшүп кетүүсүнүн себеби бөйрөктүн алсыздыгынан болот. Мындай өзгөчөлүктү жеңиш үчүн тамактануу рационун көзөмөлдөп, койдун эти, уйдун эти, ачуу мурч, пияз, имбирь сыяктуу азыктарды көбүрөөк колдонгон жөн.

3. Бөйрөктүн алсыздыгы жыныстык карым-катнаш кызыгуучулугун төмөндөтүп, аял себепсиз ачууланып, климакстын эрте башталуусуна таасир берет. Ошону менен бирге бөйрөгү алсыз адамдар тез картайышат. Ал муну алдын алуу үчүн түрлүү дарылоо чаралары пайдаланылып, жеңил көнүгүү түрлөрүн жасаган туура.

4. Баштын оорусу, уйкунун бузулуусу, мээнин чарчоосу, ойдун ар дайым бөлүнүшү да бөйрөктүн алсыздыгынан болот. Организмдеги мындай өзгөрүштөрдү жеңүү үчүн каздын этин, козу карын, жүзүмдү ар дайым жеп туруу кажет.

5. Бөйрөктүн алсыздыгынан аялдардын ички секреция системасы алсырап, бөйрөк үстүндөгү безден адреналин бөлүүсү азайып, денедеги зат алмашуу процесси бузулат. Ал ашыкча салмактын топтолуусуна себеп болот. Ага каршы туруу үчүн алаканды бири-бирине ушалап, жылуу кезинде бөйрөккө басуу зарыл. Муну күнүнө бир нече жолу кайталап турган оң. Ошону менен кошо каз, коён, балыктын эти сыяктуу азыктарды көбүрөөк колдонуу туура.

6. Бөйрөктүн алсыздыгы кан басымды көтөрөт. Мындай белгилер байкалаары менен ооруну алдын алуу үчүн дарыгерге көрүнүп, дарылануу чараларын колдонбосо бөйрөк иштебей, өмүргө коркунуч жаралат. Өз ден соолугуңуз-өз колуңузда.

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!