Диабеттен айыгуунун жолу табылдыбы?

7-Дек. 2017, Бейшемби, 11:16

Ачка болуунун мурда эч ким билбеген пайдасы аныкталды. Улуу Британияда Ньюкасл университетинин окумуштуулары төмөнкү каллориялы диетанын (ачка болуунун шыпаасы) экинчи деңгээли диабетти (инсуллинге көз каранды диабет) дарылоого жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу “Science Alert”ке шилтеме берип “lenta.ru” сайты билдирет.

Адистер изилдөөнүн жыйынтыгын “The Lancet” журналына жарыялашты.

Тажрыйбага алты жылдан бери диабет менен ооруган 20-65 жаштагы 300 адам катышкан. Окумуштуулар 3-5 ай бою 149 адамды төмөнкү каллориялуу коктейль жана пайдалуу азыктар менен тамактандырышкан.

Изилдөөгө катышкандар күнүнө 825-853 каллориядан ашпаган тамактарды жеп турушкан. Ушунун натыйжасында изилдөөгө катышып, 15 килограмм салмак таштаган адамдардын 90 пайызы диабеттен айыгып чыкканы аныкталган.

Ошондой эле, 10-15 кило салмак жоготкон адамдардын 57 пайызы жана 5-10 кило салмак таштаган 34 пайыз адам диабет оорусунан айыккан. Байкоо жүргүзүлгөн бейтаптардын болгону 4 пайызында гана ремиссия байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!