Полиомиелит деген эмне?

20-Янв. 2018, Ишемби, 10:48

Полиомиелит (polio (грекче) – боз, myelos – мээ) – балдардын жугуштуу шал оорусу, жапайы полиовирустан пайда болуучу өмүр үчүн коркунучтуу жугуштуу оору. Бул нерв тутумун (жүлүндүн боз затын) кескин ооруксунтуучу өтө жугуштуу оору. Негизинен буттун шал болуусунун пайда болушу менен мүнөздөлөт. Өтө оор учурларда жүлүндүн ооруксунуусу дем алуунун токтоп калышына алып келет. Вакциндештирүүгө чейинки доордо шал оорусу жапырт тукум курут болууну пайда кылуу менен бардык балдар үчүн коркунуч болгон.

Шал оорусу менен ооруунун себептери

Организмге вирус кан аркылуу кирип, нерв тутумуна жетүү менен анын ар кандай бөлүктөрүнө, жүлүндүн четки кыртышынын кыймылдатуучу клеткаларына жана кыймылды башкаруучу нервдерге өзгөчө доо кетирет. Шал оорусу ичеги инфекцияларынын түрү боюнча (оорулуунун заңы) же болбосо аба (жөтөлүү, чүчкүрүү) менен жайылат. Вирустун алгачкы көбөйүшү жана топтолушу кекиртек менен ичегиде жүрөт. Кийин вирус лимфа тутумуна, андан кийин канга жетет.


Оорунун алгачкы белгилери

Оорунун алгачкы байкалышы – суук тийүүнүн, эт ысуунун жана чарчоонун, баш оорунун, жүрөк айлануунун, кусуунун белгилери. Бир нече күндөн кийин моюн кожоюп жана ооруй баштоо менен жалпы ал кетүү байкалат. Булчуңдардын көпшөк тарта түшкөнүн ата-энелер оору күчөгөн мезгил өтөрү менен эле байкайт.

Инфекция жуккан көпчүлүк адамдарда белгилер болбойт, бирок алар заң менен кошо вирус бөлүп чыгарат жана инфекциянын таралышына көмөктөшөт.

Акыл жөндөмдүүлүгүнө жана психикага доо кетпейт.

Сезгичтик сакталып калат.

Шал болуу убакыт өткөн сайын күчөбөйт. Бирок контрактуралар, омурткалардын кыйшаюусу жана ордунан тайып кетүүсү сыяктуу экинчи дене кемчилдиктери пайда болушу мүмкүн.

Шал оорусу менен ооруган балдардын ичинен

30 пайызы алгачкы жумаларда жана айларда толугу менен айыгып кетет;

30 пайызында жеңил шал болуу өнүгөт;

30 пайызында шал оорусунун орточо же оор түрү пайда болот;

10 пайызы чарчап калат (көбүнчө дем алуу же жутуу функцияларынын бузулушунун айынан).

Көбүнчө 8ден 24 айга чейинки курактагы эмчектеги балдар, бирок кээде бул оору 4 – 5 жаш курактагы балдар ооруйт.

Жаш бала оорунун башталышынан 2 жумадан кийин жугуштуу болуудан кайтат.

Оорунун күчөп турган убагында

Эч кандай дары оору күчөгөн мезгилинин убагында да, кийин да жардам бербейт.

Жаш бала үчүн тынч болуу маанилүү. Жаш балага дары сайбаңыз.

Айыгуу мезгилинде толук кандуу тамак-аш ичүү жаш балага күчүн калыбына келтирүүгө жардам берет. Бирок жаш бала тамакты ашыкча жебөөгө тийиш.

Жаш баланын жайгашуусу ыңгайлуу жана контрактуралардын пайда болушуна жолтоо болгондой болууга тийиш. Оорунун башталышында жаш баланын булчуңдары ооруп, анын айынан муундарын созуу кыйынчылыкка турат. Колдор менен буттарды жай жана аяр түзөтүү менен аларды эң кыйла туура абалда жайгаштырууга аракеттениңиз.

Оорунун күчөп турган мезгили аяктагандан кийин:

Эт ысуу төмөндөгөндөн кийин контрактуралардын пайда болушуна тоскоол болуучу жана булчуңдун кубатын калыбына келтирүүчү, кыймылдын амплитудасын көбөйтүүчү көнүгүүлөрдү жасай баштаңыз.

Ооруну кантип болтурбоо керек?

Эч кандай дары жаш балага оору күчөгөн мезгилинин убагында да, кийин да жардам бербээрин эстен чыгарбоо маанилүү. Ооз аркылуу берилүүчү полио вакцина – шал оорусунан коргоочу бирден-бир зарылдык!

Вирусту токтотуу үчүн шал оорусуна атайын дарылоо жок.

Шал оорусунан дары куюу жолу менен гана коргонууга болот.

– Эң башкысы – баланы кичинесинде эле полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөрүү. Эмдөө ымыркайдын төрөлгөнүнө 3 күн болгондо жүргүзүлөт (атайын дары 3 тамчыдан оозуна тамчылатылат). Андан соң бала 2 айга толгондо, анан арадан 45 күн өткөрүлүп, 3-эмдөө жүргүзүлөт. 4-эмдөө дагы арадан 45 күн өткөн соң жасалат.
Кичинесинде эмдөөдөн өтпөгөн балага оорунун вирусу жукса, жогоруда айткандай, ал шал болуп калуусу ыктымал.

Оору шалга алып келиши менен коркунучтуу
Полиомиелит – курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө жаш балдар менен өспүрүм курактагы балдар оорушат. Антсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар кездешет. Оору борбордук нерв системаны, биринчи эсепте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга алып келерлиги менен коркунучтуу. Полиомиелиттин шалга алып келүүчү (1 пайызды түзөт) жана шалга алып келбөөчү түрү (99 пайызды түзөт) бар.

Оору эмнелер аркылуу жугат?
– Вирусту (эң майда көзгө көрүнбөгөн организм) алып жүрүүчү болуп ооруну жуктуруп алган адам эсептелет.
Оору аба аркылуу, башкача айтканда:

мурундан;

ооздон;

жана оорулуунун буюмун (сүлгү, идиш, кийим ж.б.) колдонуудан улам жугат. Тактап айтканда, вирус оорулуу сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, заңдаганда бөлүнүп чыгып, аба аркылуу адамдарга, буюмдарга жугат. Вирус түшүп калган буюмду соо адам билбей колдонcо, ал аба же кол аркылуу оозго же мурунга кирип кетиши мүмкүн.

Оорунун белгилери
– Вирус мурун аркылуу киргенде мурундун былжырын катуу сезгентип, оору сасык тумоо сыяктуу башталат. Башкача айтканда, мурундан суу агат, дене табы көтөрүлөт, баш ооруйт, мурун бүтөт, жөтөл пайда болот. Вирус мурундун былжырында көбөйүп, оорулуунун чүчкүрүгү аркылуу бөлүнүп чыгып, чөйрөдөгүлөргө жугат. Ооз аркылуу киргенде ичегини катуу жабыркатат. Ич ооруп, ич өтөт, дене табы көтөрүлөт, кусат.
Кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөн балага бул вирус жукса, оору жеңил өтөт жана шалга алып келбейт.

Шалга жеткирүүчү түрү
– Вирус ооз аркылуу кирип, ичегини жабыркатса жана оорунун белгилери билинсе, бейтапканага алып баруу кажет. Эгер врачка алып барбаса, убакыт өтөт да, вирус ичегиден канга өтөт. Кан аркылуу нерв системасына жетип, нерв жана жүлүн клеткаларын жабыркатып, ал клеткаларды өлтүрөт. Өлгөн нерв мурун кайсы булчуңду, мисалы, оң колду же сол бутту же бет булчуңун иштетсе, ошол булчуң иштебей адам шал болуп калат. Иштебей калган булчуңдан эт качып, акыры тери менен эле сөөк калат. Шалга айланган булчуң жансыз тартып, эч нерсени сезбейт.

Өзгөчө түрү
– Полиомиелиттин медицинанын тили менен айтканда, инаппаранттык деген түрү бар. Мында адам оорубайт. Бирок вирусту алып жүргөндүктөн, оорунун булагы болуп калат. Чөйрөдөгүлөрүнө ооруну жугузат. Вирус мында деле нерв системасын жабыркатып, менингит оорусун жаратат. Менингитте мээнин жука кабыкчасы сезгенет да, желке тырышып, адам башын ылдый кыла албай калат. Дене табы 39-40 градуска көтөрүлүп, баш адам чыдагыстай ооруйт. Мээнин ичиндеги басым көтөрүлүп, адам кусат.

Оорунун вирусу
– Ооруну козгоочу вирус энтеровирустар (ичеги вирусу) түрүнө кирет. Булар жайында күн нурунун жана ысыктын таасиринен да оңой менен өлбөйт. Тескерисинче, ысыкта бат көбөйүүгө жөндөмдүү. Андыктан ысык климаттуу өлкөлөрдө жашаган адамдар көп оорушат. Оорунун жайылган учуру болуп жай, күз эсептелет.

Диагноз
– Оорунун белгилери билинер замат оорулууну ооруканага алып баруу зарыл. Бул дарттын тереңдеп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Натыйжада адам шал болууга жетпейт. Эгер кеч алпарылып калса, анда шалга учуроо коркунучу чоң.
Диагноз коюу үчүн, негизинен, заң, кан текшерилет. Анткени ичеги вирусунда оору козгогучтар заң аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Кимдир бирөөнүн үйүнөн же балдар бакчасынан полиомиелит менен ооруган бала табылса, анда чөйрөдөгү 15 жашка чейинки балдардын баары медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.

Дарылоо
– Вируска каршы жана оорууну сездирбөөчү дары-дармектер, витаминдер берилет. Айтып койчу нерсе, антибиотиктер вирусту өлтүрө албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!