Эң зыяндуу он азык

23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:56

Ден-соолукту тобокелге салбоо үчүн диетологдор айрым тамак-аштарды азыраак пайдаланууну, мүмкүн болсо алардан такыр эле баш тартууну сунушташат. Буга чейин мүмкүн болушунча көп колдонуш керек болгон 10 азык тууралуу жазганбыз. Бүгүнкү материалда мүмкүн болушунча азыраак колдонуш керек болгон азыктар тууралуу сөз кылмакчыбыз. Алар төмөнкүлөр:

Кант

Кантта эч кандай витамин да, минералдык азыктар да жок, ошол эле убакта ал өтө калориялуу азык болуп эсептелинет. Кумшекер көптөгөн оорулардын себепчиси болот: кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги, бөйрөк анан албетте, тиш оорусу. Ошондой эле организмдин ар кандай инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт.

Туз

Ден-соолугу чың чоң адамга күнүнө 5 грамм туз талап кылынат. Биз болсо 10-15 грамм туз жейбиз. Тузду ашыкча өлчөмдө кабыл алуу менен бирге биз өзүбүзгө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын жакындатып алабыз жана зыяндуу шишиктердин пайда болушуна жол беребиз.

Колбаса

Колбасада, сосискада майдын көп өлчөмү, жасалма кошумча азыктар жана туз бар. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча колбаса жана сосиска берген даам "наркотикке" көнүүнү жана көптөгөн ооруларды чакырат. Бул азыкты такай жегендер нерв системасын бузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.

Маргарин

Маргарин - көпчүлүк ойлогондой каймак майдын эле бир түрү эмес. Бул азык - чыныгы жасалма азык. Консерванттарга каныккан бул майдагы зыяндуу заттар организмде топтолуп калууга жөндөмдүү.

Майонез

Майонезге кошумча даам берүүчү жана түс берүүчү жасалма кошулмалар кошулат. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары, ашказан жана ичеги оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана семирүү - булардын баары майонезди көп пайдалангандын жыйынтыгы.

Бульон кубиктери, тез даярдалуучу кесме

Бул тез даярдалуучу тамактар бүтүндөй химиядан турат. Буларда даамды күчөтүүчү жана жагымдуу жыт берүүчү кошулмалар, туздун көп өлчөмү бар. Айрыкча тез даярдалуучу кесменин өзүнүн желим идишинин үстүнө эле кайнак сууну куюп, жеп алганыңызда организмиңизге чоң зыян келтирген болосуз.

Фаст-фуд (гамбургер, чизбургер, фри картофели, чипсы ж.б.)

Мындай азыктарда майдын, туздун, жасалма кошулмалардын көп өлчөмү болот. Ушулардын негизинде фаст-фуд баш мээсинин инфаркты, рак, гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу, тукумсуздук, семирүү сыяктуу коркунучтуу оорулардын себепчиси. Дагы бир жаман жагы - бул азыкты көп пайдалануу бара-бара наркотикалык көз карандылыкты чакырышы мүмкүн.

Консервалар

Айнек жана калай идиштердеги консерваланган азыктардын биздин организмибиз үчүн эч кандай пайдасы жок. Анда көптөгөн зыяндуу заттар: консерванттар, даамды күчөтүүчү кошулма, туз менен канттын көп өлчөмү бар. Азыктарды консервалаганда алардын түзүлүшү жана даамы өзгөрөт, андагы пайдалуу заттар, айрым витаминдер жоголот.

Газдалган суусундуктар

Кола, пепси, лимонад жана башка "суусунуңду кандыруучу" суусундуктарда канттын көп өлчөмүнөн тышкары химиялык кошулмалардын түрү бар. Айрым суусундуктардын курамына кофеин, коки дарагынын жалбырагы кошулат. Башкасын айтпаганда да газдын өзүнүн эле ашказандын былжыр челине тийгизген зыяны канча?!

Алкоголдук ичимдиктер

Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!