Дарылык касиети бар суусундук

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:49

Зыяндуу клеткалардын организмде куралып же көбөйүүсүнөн куткарат.

3 ай кабыл алуу кажет. Ден соолук көп өтпөй калыбына келет.

- Ал үчүн керектүү азыктар: 1 кызылча, 2 сабиз, 1 алма.

- Баарын жууп, кабыгын аарчып, шире сыкчу аппараттан өткөрөбүз да, ошол замат ичип салабыз.

- Ширенин даамын өзгөчөлөнтүү үчүн лайм же лимон кошсоңуз болот.

Бул өзгөчө суусундук, төмөндөгү ооруларды алдын алууда жакшы таасир берет:

1. Зыяндуу шишикти алдын алат.

2. Боор, бөйрөк жана уйку безин түрдүү оорулардан сактайт, ага кошо оюк жараны дарылоого жардам берет.

3. Өпкөгө пайдалуу, жүрөктүн түрдүү ооруларга чалдыгып калуусун жана жогорку кан басымынан сактайт.

4. Иммунитетти күчтөндүрөт.

5. Көздүн көрүүсүн: чарчагандан жана кургап кетүүсүнөн сактайт.

6. Физикалык оор жумуштан же машыгуудан кийин пайда болгон булчуң эттин ооруксунусун басат.

7. Токсинден тазалайт, ичеги-карындын жумушун жакшыртат. Терини нымдаштырат.

8. Ашказандан чыккан жагымсыз жытты жоёт.

9. Айыз келгенде ооруну жеңилдетет.

10. Аллергиясы бар адамдарга да пайдалуу.

Эң башкысы даяр болгон замат ичип алууну унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!