Ичимдик жети түрдүү ракты пайда кылат

6-Фев. 2018, Шейшемби, 11:41

Окумуштуулар ичилип жаткан алкоголдун өлчөмүн азайтуу аркылуу онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучун төмөндөтүүгө болот дешүүдө. Муну менен бирге, алар ичимдикти ар кандай өлчөмдө ичүү ден соолукка өтө коркунучтуу экенин далилдешти. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты билдирет.

Ичимдик көкүрөк жана рактын башка дагы 6 түрүнө алып келет. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюму маалымдады.

«Алкоголдук суусундуктардын баардык түрүндө этанол бар. Бул зат клеткаларга зыян тийгизип, аларды бузат», - делет уюмдун билдирүүсүндө.

Бүткүл дүйнө ден соолукту сактоо уюмунун маалыматы боюнча, алкоголь аялдардын гормонуна таасир берип, бузулган клеткалардын санын арттырып, сүт бези рагына чалдыктырат. Мисалы, аял киши күнүнө 4 стакан кызыл шарап ичсе, аталган ооруга кабылып калуу коркунучу 50 пайызга жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!