Кыздын көзүнөн 14 курт алынды

13-Фев. 2018, Шейшемби, 15:56

Окумуштуулар мурун жаныбарларда гана кездешүүчү “Thelazia gulosa” куртун адамда да кездешээрин аныкташты. Бул тууралуу “РИА Новости” басылмасы билдирет.

Макалада 26 жаштагы америкалык Эбби Беклинин тарыхы жазылган. Кыз 2016-жылы балык уулап отурганда көзүнөн узундугу 1,3 сантиметр болгон курт алган. Кийин башы ооруп, көзү кычышып, тынчын алганда дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 20 күн бою дарыгерлер анын көзүнөн 14 “Thelazia” курттун чыгарышкан.

Мындай курттар адамдын көзүнө узак убакыт бою болгон болсо анда көз көрбөй, көздүн кабыгы зыян тартып калуусу мүмкүн. Бирок Эбби Бекли көзүнөн паразиттер алынгандан кийин өзүн жакшы сезип, көзүнүн эч жери зыян тартпаганы белигилүү болду.

Кийин АКШнын ооруларды байкоо жана алдын алуу борборунда адистер бул курттун “Thelazia gulosa” түрү экенин аныкташты. Мындай паразит буга чейин мышыкта, итте, түлкүдө жана кара малда кездешкен. Изилдөөчүлөр курт кыздын көзүнө “Musca autumnalis” чымындары аркылуу кирген болушу мүмкүн деп болжошууда. Себеби ушул чымын жаныбарлардын көзү, оозу жана заңында бөлүнгөн суюктук менен көбөйөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!