Компьютерде көп отургандар үчүн кеңеш

14-Март 2017, Шейшемби

Компьютердин алдында көп отургандарга эскерте кетүүчү эрежелер. Эгер күн сайын туура отурсаңыз, анда моюн, арка менен колдун билеги оорушу мүмкүн. Ал үчүн эмне кылуу керек?

Эгер столдо көп убакыт бою бүкүрөйүп, бир калыптан жылбай отурсаңыз арка бел омурткаларына күч келип ооруй баштайт. Кан айлануу жайлайт. Эмне себептен мындай болот дейсиз. Анткени бүкүрөйүп отурган маалда булчуң эттер жүлүндөн омурткага өткөн нерв тамырларын кысып, оорутуп, сезимталдыкты жоёт. Моюн омурткадагы нервди кыскан убакта моюн, кол, ийин ооруп, талып, уюп ооруйт. Бел омурткадагы нерв кысылып калса бел жана бут оорусу пайда болот. Мындан чыгуунун кандай жолу бар?

Ал үчүн отурган стул жайлуу болушу керек. Стулдун бийиктиги 75-85 сантиметр аралыгында болушу шарт. Ошондой эле ыңгайлуу, жайлуу отургучтарды тандап алуу керек. Моюн, арка бел менен колдор оорубашы үчүн компьютердин алдында калыбыңызды алмаштырып, көнүгүүлөдү жасап туруңуз.

Көнүгүүлөр:

1. Түз турган абалда терең дем алып, колуңузду ылдый түшүрүңүз, колуңузду өйдө көтөрүп демиңизди чыгырыңыз. 8-10 жолу кайталаңыз.

2. Столго олтуруп, колуңуз менен башыңыздын артына тиреп терең деп алып, артты көздөй демиңизди кое бериңиз.

3. Көмкөрөңүздөн полго жатып, башыңызды жана буттарыңызды өйдө көтөрүңүз.

Бел омурткасына көнүгүүлөр;

1. Белиңизди таянып түз туруңуз. Ошол эле абалда оңго, солго, артка, алдыга ийилип, ар бирин 10 жолу аткарыңыз.

2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).

3. Капталыңыз менен жатып, бутуңузду төшүңүзгө чейин бүгүңүз. (8-10 жолу).


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!