Медицина тармагы үчүн жаңылык

20-Фев. 2018, Шейшемби, 13:30

Сидней университетинин дарыгерлери жаңы имплантталган керамикадан жасалган сөөктү ойлоп табышты. Аны 3D принтерде басып чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырышты. Анын аркасында сөөктү калыбына келтирүү тез ишке ашып, убакыт өткөн сайын имплантант сөөк кабы менен биригип кетет.

Профессор Хала Црейкат өзүнүн коллегалары менен бирге сөөктүн сынгандан кийинки калыбына келүүсүн тез жана толугу менен айыгып кетүү маселесин узак убакыт бою байкоо жасады.

Белгилүү болгондой оор жаракат алган сөөктөрдүн кайрадан калыбына келүүсү кыйын. Анын үстүнө кайра калыбына келген сөөктүн өзү толугу менен бүтпөй, кайрадан сынып калуусу мүмкүн. Ушул көйгөйдүн чечимин табуу үчун профессорго 3D принтердеги керамикалык материал жардам берген.

Алдынкы убакытта керамикалуу импланттын жардамы менен сөөктүн сыныгын тез айыктырып, ордуна келтирүүгө болот. Былтыр бул көрсөткүч 100/25 пайызы гана болсо, арадан бир жыл өткөн соң көрсөткүч 90 пайызга өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!