Кан басымды тез түшүрүүнүн ыкмаларынын бири

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:44

“Түштө уктоо кан басымдын төмөн экендигин билдирет”,-деп маалымдашты окумуштуулар.

Грецияда жүргүзүлгөн изилдөөдө орточо курагы 61 (61,4) жаштагы гипертонияга чалдыккан 386 пациент (200 эркек жана 186 аял) катышкан. Жашы, жынысы, салмагы, тамеки чегүү, алкоголь жана кофе, дене активдүүлүгү жана тузду пайдалануу өлчөмү сыяктуу кан басымынын көтөрүлүшүнө негиз болоорун билебиз. Ал эми аны төмөндөтүүнүн ыкмасы катары гректер түшкү маалда уктаган адамдардын орточо систолалык кан басымы 5 пайызга төмөн болоорун аныкташты.

Кан басымдын орточо төмөндөгөнү систолалык басымдын 2 мм айырмачылыгы жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун 10 пайызга азайтат.

Изилдөө натыйжалары түшкү уйкунун кан басымынын төмөндөшү менен байланыштуу экенин көрсөтүп гана койбой, канчалык узак уктаса ал ошончолук пайдалуу болору аныкталды. Уйку канчалык узак болгон сайын систоликалык кан басым ошончолук төмөн болот. Бул кан басымды төмөндөтүүчү дары-дарымектерди аз кабылдоого алып келиши мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!