Күйүккө «тирүү бинттер» жардам берет

1-Март 2018, Бейшемби, 10:36

Каттуу күйүккө жана диабет жарасы бар адамдар өздөрүнүн терисинин клеткаларынан жасалган «тирүү» бинттерди колдоно алышат.

Жаңы ойлоп табуу британдык окумуштуулардын эмгеги. Жаңылык “Myskin” деп аталат (сөзмө-сөз: «менин терим»), кичинекей дисктерде дени сак тери клеткаларын өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Андан кийин бул пластиналар жара болгон жерге таңылып, жаңы теринин өсүүсүнө жардам берет.

"Myskin” “CellTran” шеффилд компаниясында иштеген жумушчу топ тарабынан жасалып чыккан. «Тирүү бинт» жасоо долбоору «Доверие» фондду тарабынан каржыланды.

Бир гана Улуу Британияда жыл сайын үч миллионго жакын адам созулмалуу жаракат алышат. Анын ичинде миңден ашык оор күйүк жана кант диабети менен гангрена жараларынан улам бут менен манжа ампутация болгон 5 миңдей учур катталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!