Ракты айыктырып, баш ооруну баскан жаз гүлдөрү

7-Март 2018, Шаршемби, 15:03

Жаз келип, жер жарып чыккан көк менен кошо жазгы гүлдөрдүн да кылтыйып баш көтөрүп калган учуру. Гүлдөр жашообузга көрк, сулуулук, жылмаюу тартуулагандан тышкары ден соолугубузга пайда, келбетибизге сулуулук алып келген чоң касиетке ээ. Анда жазгы гүлдөрдүн пайдалуулугу тууралуу сөз козгосок.

Байчечекей

Ден соолук үчүн

Байчечекей гүлү рак, баштагы шишик сыяктуу эң оор дарттардын дабасы болгон күчтүү өсүмдүк. Андыктан, муну пайдаланууда этиет болуу зарыл. Андан тышкары, байчечекейден жасалган бардык эле рецепттер кош бойлуу аялдарга сунушталбайт.

С витамини жетишпегенде: Байчечекейдин жалбырагында бул витамин көп. Жалбырагынын ачуу даамынан арылуу үчүн туздуу сууга 5 мүнөт саласыз, андан соң майдалап, 1 чоң кашыктан бир күндө үч маал жейсиз.

Муун ооруларында: Байчечекейдин гүлүн жалбырак, сабагы менен кошо эт туурагычтан өткөрүп, ооруган муундарыңызга 15 мүнөт жука кылып жабасыз. Эскерте кетчү нерсе, мындан узакка кармасаңыз, байчечекей терини күйгүзүп жиберет.

Рак оорусунда: 50 г майдаланган байчечекейди ушунча эле өлчөмдөгү 70 градустук спиртке чылап, 3-4 жума тыныктырып коюңуз. Даяр болгон дарыны тамак ичээрге 30 мүнөт калганда күнүнө үч жолу 5 тамчыдан ичиңиз.

Сулуулук үчүн

1 тал байчечекей гүлүн 300 мл сууга салып 3-4 мүнөт кайнатып аласыз. Чачыңызды жууган соң аягында бул маңыз менен чайкап алсаңыз, чачыңыз түшпөйт. Ушундай эле максат менен бул суюктукту 1 чай кашык менен күнүнө үч маал ичсе да болот.

Каакым

Ден соолук үчүн


Тамакка болгон табит жоголуп, уйку качканда, ашказандагы кычкылдык азайып кеткенде: Каакымдын тамырын кургатып, майдалоо керек. 5 чоң кашык майдаланган тамырга 1 л кайнак сууну куюп, отко 20 мүнөт кайнатасыз. Анан муздатып, 1-2 стакандан тамактанууга чейин күнүнө 3 маал ичүү керек.

Боордун өнөкөт оорусунда жана кандагы холестерин төмөндөп кеткенде: Каакымдын ширесин сыгып алып, ага ошончо өлчөмдөгү спирт куюп караңгы жерге 21 күн коюп коюңуз. Андан соң марлядан өткөрүп тундуруп алып, күнүнө 30 граммдан 1 маал ичүү шарт.

Аз кандуулукта жана организмге витамин жетишпегенде: 1 чай кашык каакымдын жалбырагына 200 г кайнак суу куюп, 1-2 саат демдеп коёсуз. Муздагандан кийин күнүнө 50 граммдан 4 маал тамакка чейин ичесиз.

Сулуулук үчүн

Каакымдын кургатылган жалбырагын майдалайсыз. Андан 2 чоң кашык алып, үстүнө 250 мл кайнак суу куюп демдеп коёсуз. Муздаган соң муну менен денени жана бетти жуусаңыз болот. Бул бардык түрдөгү тери үчүн даярдалган лосьон.

3 чоң кашык каакымдын жаңы жалбырагы менен гүлүн майдалап, аны 30 г жылуу сүткө 10 мүнөт чылап коёсуз. Ага бир жумуртканын сарысын (эгер бет кургак болсо), болбосо агын (бет майлуу болсо) аралаштырасыз. Даяр болгон масканы жука кылып бетиңизге 20 мүнөт жабасыз. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

Ромашка

Ден соолук үчүн

Ич өткөндө, тамактын сезгенүүсүндө, ичеги ооруларында: 6 чай кашык кургатылып майдаланган ромашканын гүлүн 600 мл кайнатылган сууга салып, идиштин капкагын жаап кайнап жаткан сууга 30 мүнөт салып коюңуз. Андан соң 15 мүнөт тыныктырып, жылуу боюнча иче берсе болот. 100 граммдан күнүнө 3 жолу ичип турууда 10 күндүн ичинде дартка даба боло алат.

Өнөкөт циститте: 1 чоң кашык майдаланган ромашканын гүлүн 200 грамм кайнак сууга салып демдеп коёсуз. Анан анын тундурмасын 1 чоң кашыктан күнүнө үч маал ичесиз.

Дененин бир жери кесилип, ырбап кетсе: 2 чоң кашык ромашканын майдаланган гүлүнө спиртти көмбөгүдөй кылып куясыз. Караңгы жерге бир жума коюп, андан соң жарага сүртүп турасыз.

Сулуулук үчүн

200 г ромашканын гүлүн 1 л кайнак сууга салып бир нече мүнөт демдеп коёсуз. Анан тундуруп, ага бетиңизди жуусаңыз териңиз жумшак жана жагымдуу болуп калат.

Кечинде бетти тазалоодо 1 стакан ромашканын жогорудагыдай суюктугуна бир чай кашык атыр кошуп, бул аралашма менен бетиңизди сүртүңүз. Мындан соң бетиңиздин клеткалары ачылып, жумшарат.

Эгер бетиңизге безетки чыгып тажатса, чачыңыз майлуу болсо, какачтан арыла албай жатсаңыз 150 г ромашканы 1 л кайнак сууга салып 5-10 мүнөт кайнатып, анын буусуна бетиңизди тосуп башыңыздан бери чүмкөп алыңыз. Муну жумасына 3 жолу жасасаңыз жакшы жыйынтыгын берет.

Сирень гүлү

Ден соолук үчүн

Тери аллергиясы, кант диабети, астма оорусунда: Сирень гүлдөп, жыты аңкып турган кезде тамырын казып, анын айланасындагы топурагынан 1 чоң кашык аласыз. Анын үстүнө 1 литр кайнак суу куюп 15 мүнөт кайнатасыз. Андан соң муздатып, 1 чоң кашыктан күнүнө 3 жолудан тамактанууга чейин ичип турасыз.

Сасык тумоо, ашказан жарасы, жөтөл, кант диабетине, ревматизм ооруларында: Муундарыңыз какшап ооруса сирендин гүлүнөн май жасап пайдаланыңыз. Ал үчүн 2 чоң кашык майдаланган гүлгө 2 чоң кашык таза каймакмай кошуп жакшылап аралаштырып, ооруган жериңизге сүйкөп турууңуз зарыл.

0,5 л аракка 200 грамм сирендин гүлүн чылап, караңгы жерге 2 жума коюу керек. Даяр болгон суюктукту ревматизмде ооруган жерге компресс кылып тартса болот. Ушул эле суюктукту 3-4 маал тамакка чейин 1 чай кашыктан ичип туруу ашказан жарасы, жөтөл, кант диабети, сасык тумоо ооруларында пайдалуу.

Жара, ириң, баш ооруда: Ириңдеп же жара болуп кеткен жерге сирендин жаңы жалбырагын коюп, таңып коюу керек. Бир күндө 3-4 жолу жалбыракты алмаштыруу шарт. Жаңы жалбырак ириңди соруп алат, ошондой эле жарадагы микробдорду өлтүрүп, анын тез бүтүүсүнө жардам кылат.

Баш ооруганда жалбыракты башыңызга таңып, оору басылганда алып салыңыз.

Ич өткөндө, ашказан жарасында, кургак учуктун жеңил түрүндө, бөйрөктөгү ташты түшүрүүдө: Сирендин жалбырагын кургатып, майдалайсыз. Бир чоң кашык майдаланган жалбыракка 250 мл кайнак суу куюп, бир болк эттирип кайнатып аласыз. 2-3 саат тыныктырып, анан тундуруп аласыз. Даяр болгон маңызды 1 чоң кашык менен бир күндө төрт жолу тамактанууга чейин ичүү керек. Бир курс эки жумага созулат.

Сулуулук үчүн

Бетиңизге безетки чыкса же аллергия болсо сирендин гүлүнөн жасалган лосьонду пайдаланыңыз. 1 литрлик айнек банканын жарымына чейин сирендин гүлүн чогултуп, үстүнө толтура суу куюп 2 жума салкын жерге коюп коюңуз. Даяр болгон лосьонду муздаткычка салып коюп пайдалана берсеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!