Дарыгерлер айлык акынын көтөрүлүшүнө каршы чыгышты

22-Март 2018, Бейшемби, 14:26

Канададагы Квебек провинциясынын дарыгерлери айлык акыларынын көбөйүшүнө карыш чыгышты. Медицина кызматкерлеринин жергиликтүү бийликке жолдогон катында саламаттык сактоо тармагынын каржылык саясатын дагы бир жолу карап чыгышын өтүнүшкөн. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Өз айлык акыларынын өсүшүнө каршы чыккан 500 дарыгерлерге медициналык окуу орундарынын 150 студенти кошулду. Нааразычылык билдиргендер медицинага бөлүнгөн каржынын адилетсиз экенин айтып чыгышты.

«Медайымдар менен башка тармактын кызматкерлери кыйын абалда жүргөндө биздин айлык акыбыз жогору болушу туура эмес. Анын үстүнө саламаттык сактоо министрлигинин каржыландыруу системасындагы чыгымдарга байланыштуу бир нече бейтапка тийиштүү көзөмөл көрсөтүлгөн жок», - деп жазылган дарыгерлердин нааразычылык катында.

Расмий даректерге таянсак, 2017-жылы мамлекеттик ооруканада кызмат кылган канадалык терапевттин айлыгы 2560 миң доллар болгон. Хирург 300 миң доллар тегерегинде айлык алып жүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!