Рактан коргогон азыктар

24-Март 2018, Ишемби, 14:27

Көп көп жер-жемиш жана мөмө-жемиш жеңиз: Капуста, сабиз, ашкабак, турп, кызылча, алма, өрүк ж.б.

Ар дайым көк чай ичиңиз

Жаныбар протеинин аз жеңиз. Өсүмдүк протеинин көп жеңиз: төө бурчак, нокот, дегеле баардык буурчак өсүмдүктөрү.
Май жегенди азайтыңыз. Кайра кайра куурулган майларды эч качан колдонбоңуз.
Ышталып жасалган азык-түлүктөрдөн, жасалма сүт азыктарынан, барбекю, шашлык жана куурулуп жасалган тамактардан алыс болуңуз
Кошумча кошулган жасалма таттуу кылуучу, жасалма түс-жыт-өң берүүчү, - (антибиотик кошулган) азыктарды жебеңиз. Табигый жана экологиялык жактан таза түшүмдөргө көңүл буруңуз. Табигый жана таза болгонун тандаңыз.

Холестеролду азайткан азык-заттар

Холестеролдун ашыкча болушу кан тамырга коркунуч туудурган эң маанилүү проблема. Кээ бир азык-заттардын регулярдуу колдонулушу кандагы холестеролдун контрол алдында болушун оңойлоштурат. Мисалы:
Зыгырдын уругу жана майы.
Май чыгарылчу уруктар: жаңгак жана жер жаңгак.
Соя өнүмдөрү.
Жашылча жемиштер: кызыл калемпир, сарымсак, пияз, сабиз, броколи, артишок, помидор.
Мөмө жемиштер: алма, апельсин, лимон.
Дан өсүмдүктөрү: сулу акшагы, күрүч.

Сулу акшагын жана зыгыр уругун да унутпаңыз

Сулу акшагы жана зыгыр уругу да аябай эффективдүү холестерол азайтуучуларынан. Күндө 50гр. сулуу акшагы, же болбосо 1\2 чыны зыгыр уругун пайдаланып, эффективдүү холестерол контролу сактала алат. Сулу акшагынын өлчөмү күндө 100 граммга чыгарылса, дагы ийгиликтүү натыйжа алынат. Сулу акшагын эртең менеңки тамагыңызда майсыз сүт менен зыгыр уругун кичине кууруп, салаттарыңызга кошуп жесеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!