Бразилиялык кыздар кандай диета кармашат?

4-Апр. 2018, Шаршемби, 09:53

Бразилиялык кыздар өздөрүнүн сулуулугу менен дүйнөнү таң калтырып келишет. Алар өз фигураларын кантип сакташат?

Төмөндөгүдөй диета сунушташат:

Балык, эт, майлуу тамактар, ачуу татымалдар, шоколад, таттууларды тамактануу тартибинен таптакыр чыгарып ташташ керек.

Алар болгону жер-жемиш, мөмө, кургатылган жемиштер, ачуу эмес соус менен тамактанышат.

Рационунда кайнатылган же сууга бышырылган тамактар да бар. Айтылган тамактарды аз-аздан, арадан көп убакыт өткөрбөй жеп турсаңыз, ачка болуу сезими пайда болбойт.

Ашыкча салмак менен күрөшүү менен катар, организмди да тазалайсыз. Узактыгы 7 күнгө созулган бул диетаны бузбай кармансаңыз, 14 киллограмга чейин таштоого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге фитнес жана аэробика менен алектенсеңиз же жөн гана сүйүктүү музыкаңызга бийлесеңиз болот. Диетаны 7 күндөн ашык кармабаш керек. Ортодон эки жума өткөндөй кийин кайра кармай берсеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!