Бассейнге барганда

13-Апр. 2018, Жума, 16:18

Суунун өзүндө жөн гана жатканда адам 300 ккал жоготот экен. Бассейндин башка да пайдалуу жактары боюнча сөз кылсак өтө эле көп. Мисалы, сүзгөндү билбегендер, балдар менен кош бойлуу аялдар да бассейнге барса болот. Спорт менен активдүү түрдө алектенүүгө чектөө коюлган адамдар үчүн бассейн табылгыс жай.

Ашыкча салмактан арылгыңыз келсе, сууда денин салмагы 10 эсе азаярын билип жүрүңүз.

Сууда сүзүү адамдын денесин гана эмес, нерв системасын да тынчтандырат.

Стресске түшүп, каттуу убайымга батып жүрсөңүз, бассейнге барып, бир саатка баарын унутуңуз. Ошондой эле, сүзүү кан басымды калыбына келтирип, булчуң этти бекемдеп, дем алуу органдарынын кызматын жакшыртып, эрте картаюну алдын алат.

Болгону таза бассейн таңдооңуз зарыл

Адам көп болгон жерге барып түшсөңүз оору жуктуруп алуу коркунучу туулат.

Ошондуктан "сууда сүзүүгө барам" деген чечимди кабыл алган болсоңуз, акчаңызды аяп арзанына барбаңыз.

Бассейнге барарда жабык купальник кийгениңиз жакшы. Бир чети уялбай жүрөсүз. Башкалар да сизге карап ыңгайсыздык жаралбайт. Баш кийим менен көз айнек, сүлгү менен чач кургаткыч ала жүрүңүз.

Бассейнге түшөрдөн мурун булчуң этиңизди даярдап, бир-эки көнүгүү жасап алыңыз.

Бассейндин ичинде 30 мүнөттөн ашык сүзбөңүз. Сууда туруп, түрдүү кыймыл-аракеттерди жасасаңыз анын пайдасы көп.

Аква-аэробика менен бардык адамдар алектенсе болот

Сууда сүзүү – өтө кызыктуу, заманбап спорт түрү. Жаныңызга ырахат сыйлоодон тартынбаңыз. Бассейндин зыяндуу жагы да жок эмес. Аны тазалоого хлор колдонулат.

Эгер химикат аллергия пайда кылса, бассейнден баш тартканга туура келет.

Коопсуздук сакталбаган учурда, сууга тумчугуп калышыңыз мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!