Канча тамак жесе да толбогон адамдардын сыры

17-Апр. 2018, Шейшемби, 14:41

“Cell Reports” журналы Эксетер жана Копенгаген университеттеринин изилдөөчүлөрү жүргүзгөн изилдөө маалыматтарын жарыялады. Анда каалаганча тамактанып, бирок семирбей, бир калыпта жүргөн адамдарды изилдөөгө алышкан. Бул тууралуу "medikforum.ru" сайты билдирет.

Кээ бир адамдар канча тамак жесе да, толуп кетпегени алардын генетикалык өзгөчөлүктөрүнөн экен. Изилдөөчүлөр адамдардын таттууну көп жегендиктен толуп кетишерин айтышат. Бирок бул алардын генетикалык табиятына байланыштуу.


2017-жылы “FGF21” гени табылган. Бул таттууга кумар болууну билдирет. Бирок бул ген бар адамдарда төрөлгөн кезде май тканы өтө аз болот экен. Бирок адамдын семирүүсүнө организмдеги кандай процесстер таасир берери белгисиз. Окумуштуулар “FGF21” генин дагы да изилдеп көрүү керек дешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!