Ысыкта кандай тамактануу керек?

Ысыкта кандай тамактануу керек?
25-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 13:25

Жайдын ысык аптаптуу күндөрүндө тамак-ашка көп маани берүү керек.

Себеби ысыкта организмдеги кычкылдын балансы бузулат. Адистер күн ысыкта өтө аз тамактануу керектигин айтышат.

«Ысыкта организмдин кычкыл заттын балансы бузулгандыктан кычкылдын үлүшү жогорулап кетет. Ошондуктан сүт азыктарын көбүрөөк жеген оң»-дейт дарыгерлер.

Ошондой эле, эксперттер жер жана мөмө-жемишти, кычкыл сүт азыктарын көбүрөөк колдонууга кеңеш беришет.

Күнүнө аз-аздан, 4-5 жолу тамактануу кажет. Күнүнө 2-2,5 литр суу ичиш керек. Кечкисин денеңиз шишип кетпеши үчүн сууну түшкө чейин ичкен оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!