"3-2-1" диетасы тууралуу билесизби?

2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:03

«3-2-1» диетасын убактылуу чектөөдөн көрө тамактануунун эрежеси деп айткан жөн.

Муну атактуу актриса Джессика Альбанын машыктыруучусу Рамона Браганз ойлоп тапкан. Ал күнүнө 3 маал тамактанат жана 1 литр суу ичет.

Муну менен катар, бир күн ичинде желген калориянын өлчөмү менен тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмеси бар.

Джессика Альба ушул эреженин аркасында 2 ай ичинде 11,5 киллограмга арыктаган.

Бирок, апа болуу бактысына ээ болгон Джессика эң башкысы келишимдү дене мүчө эмес, ден-соолук экенин билдирет.

«3-2-1» эрежеси ушул себепке байланыштуу таттуу, ун, углевод, туз сыяктуу тамак-аштардан баш тартуу керек болот.

Анын ордуна майы жок эт, жер жемиш, мөмө жемиш жей аласыз.

Төмөндөгү тамактарды жеген кезде курамында 1800 калория гана болушу керек:

Туз менен туздалган тамактар;

Кант жана ар түрдүү кант кошулган азыктар;

Ундан жасалган тамактар;

Бардык фаст-фуд;

Эртең мененки тамак:

Бууга бышкан омлет;

Мөмө жемиш кошулган сулуу;

Сүзмө;

Түшкү тамак:

Майы жок эт же балык;

Жер жемиштен жасалган салат;

Кечки тамакка:

Бир тилим эт;

Сууга бышкан күрүч;

Арасында жаңгак менен кургатылган жемиштерди жесе уруксат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!