Арыктатуучу "Сасси суусу"

Арыктатуучу
12-Июль 2018, Бейшемби, 17:05

Диетолог дарыгер Синтия Сасс ашказан менен ичеги жумушун иретке келтирүүчү, заара чыгаруучу жана газды төмөндөтүүчү суусундук ойлоп тапты. Анын кошумча таасири бар болуп чыкты. Ал – арыктатуу. "Сасси суусун" даярдоо үчүн керектүү азык-түлүктөр:

- 2 л бөтөлкөдөгү суу;

- 1 аш кашык майдаланган имбирь;

- 1 кабыгы аарчылган бадыраң;

- жалбыз (2-3 бутак);

- грейпфрут же лимон;

- вербена же шалфей.

Сууга майдаланган имбирь, майда тууралган бадыраң жана жалбызды салып, муздаткычка бир түн бою кармаңыз. Эртең менен сууга майдалап туралган цитрусту (лимон же грейпфрут), вербени же шалфей жалбырактарын салыңыз. Дагы 12 саат кармаңыз. Ошол кезде бардык ингредиенттердин пайдалуу затын сууга сиңирет.

"Сасси суусун" кандай ичиш керек?

Алгачкы 4 күн "Сасси суусун" көп өлчөмдө ичкен оң. 2 литр суунун бардыгын бир күндө ичип койсо да болот. Биринчи стаканды милдеттүү түрдө эртең менен ач карынга ичип, калганын күнү бою иче берсе болот. Болгону уктаар алдында 2 саат мурун эч нерсе ичпеген туура.

Андан кийин 1 ай бою "Сасси суусун" бир стакандан күнүнө аз дегенде 2 жолу ичиш керек. Натыйжасында, 4-5 килограмм ашыкча салмак таштагандан тышкары, тамак-аш сиңирүү системаңыз жакшырганын байкайсыз. Бет териңиз агарып, маанайыңыз көтөрүлгөнү билинет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!