Кара бүлдүркөн диетасы

5-Апр. 2017, Шаршемби

Кара бүлдүркөн баардык жерде бирдей өспөгөндүктөн, анын арыктоодогу пайдасы тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Кара бүлдүркөндүн курамында майды ээритүүчү заттар бар. Ушул мөмөнү жеп туруу жана кара бүлдүркөндүн ширесин ичүү аркылуу зат алмашуу процессин тездетип, табитти азайтууга болот.

Кара бүлдүркөндүн негизги касиети-курамында антоциан-антиоксиданттын өлчөмү көп. Алар онкологиялык ооруларды алдын алууну камсыз кылат жана шишиктердин өсүүсүн токтотот. Ошону менен бирге кара бүлдүркөн ичеги-карын жолун токсиндерден жана оор металл туздарынан натыйжалуу тазалайт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кара бүлдүркөндөгү полифенолдор майлуу теринин пайда болуу процессин жайлатат. Мындай чечим диетологдорду кызыктырып, алар кара бүлдүркөндү “мыкты азык” деп аташкан. Кара бүлдүркөн диетасынын бир нече ыкмасын сунуштайбыз.

Кара бүлдүркөн диетасы: 3 күндө -2 кг

Кара бүлдүркөн диетасынын бул ыкмасы аркылуу 3 күндө 2 кг ашыкча салмактан арылууга болот. Бул диета тери менен чачты тазартат, ошондуктан аны кээде “жашартуучу” диета деп да атап келишет.

Сунушталган меню бир күнгө берилет, ал эми калган эки күндө азык-түлүктөрдүн ордун алмаштырууга болот.

Тамактануу менюсу

Эртең менен: майлуулугу аз айран, таттуу эмес жемиштер (апельсин, жашыл алма, шабдалы жана башка) бадам жаңгагынан жасалган салат, 1 чыны кара бүлдүркөн;

Түшкү тамакка: аз гана кайнатылып бышырылган чечевица, зайтун майы аралашкан салат (болгар калемпири, помидор, капуста, жашыл пияз) 1 стакан сыгылган кара бүлдүркөн ширеси;

Кечки тамак үчүн:картошка кошулбаган ар түрдүү шорпо, бир тилим майлуу эмес сыр, 1 чыны кара бүлдүркөн.

Күнүнө 1,5 л суу ичүү керек жана жаңы сыгылган таттуу эмес жемиштер ширелерин ичүүгө болот.

Кара бүлдүркөн диетасы: 3 күндө-4 кг

Диетанын бул түрү катуураак. Күнүнө ушул тизмектеги көрсөтүлгөн азыктардын 4-5 ирээт кабылдоого болот.

-600-800 гр кара бүлдүркөн (чамасы менен 3-4 стакан);

-табигый йогурт же болбосо майлуулугу аз сүзмө (300 гр);

-0,5 л айран.

Кара бүлдүркөндү сүзмөгө же айранга кошуп жегенге болот. Жатаар алдында кара бүлдүркөн менен айран коктейлин жасап ичиңиз. Ал үчүн 100 гр айранды жана 100 гр кара бүлдүркөндү блендер менен аралаштыруу керек. Эгер ар бир 3-3,5 саат сайын ачка болуп, бир нерсе жегиңиз келсе анда бул коктейлди ичип табитти басууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!