Түстүү диета

5-Апр. 2017, Шаршемби

Түстүү диета- өзгөчө жана жаңы диеталардын бири, ал болжолдуу түрдө 2008-жылы пайда болуп, көптөгөн кыздардын көңүлүнө туура келген. Ошону менен бирге эле Голливуд жылдыздарынын айрымдары бул диетаны кармагандар да бар.

Бул диетанын негизгиси мында азык - түлүктөргө бөгөт жок. Бирок бул ыкманын натыйжалуулугун көрсө болот. Бир жумада 7 килограммга чейин арыктаса болот. Ал кандай диета десеңиздер анын курамы жана негиздери менен тааныштырсак.

Түстүү диета: 7 принциби

Диета кармаган убакта эч кандай фаст-фуд, куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды жегенге болбойт; Кондитер азыктары жана шекерге да бөгөт коюлат;

Алты күн ток болгондон кийин, жетинчиси ачка болчу күн;
Күнүнө беш убак тамактануу керек, себеби бул курсакты ток кармап, ачка болууну сезбейсиң;
Акыркы тамактануу уктаар маалына эки саат убакыт калганда болушу керек;
Ал эми азыктар буу, сууга же мешке какталып бышырылышы кажет;
Эртең менен жана уктаар маалда сөзсүз түрдө кайнатылган суу ичип туруу зарыл.

Түстүү диетанын негизи

Мында баардыгы жөнөкөй: баардык күндөр алты күнгө бөлүнөт. Күнүнө жараша түстүү ичимдиктерди жана азыктарды колдонуу керек.

Түстүү диетанын менюсу:

1 күн ак

Бул күнү жалаң гана ак түстөгүү азыктарды колдонуп, углеводдор азайтылат. Ал үчүн ак күрүч, сүт, сыр жана башка сүт азыктары, кесме, жумуртканын агын, ак фасоль, буламык, тооктун ак этин, жана банан колдонсоңуз болот. Кандай ирээт менен жеш керек аны өзүңүз билесиз, эң негизгиси ушул тизмедеги азыктар болушу шарт.

2 күн кызыл

Кызыл өң күнү кызыл түстөгү азыктарды колдонуу кажет. Аларга: помидор, кызылча, икра жана балык кызыл түстөгү, жүзүм, кызыл калемпир, фасоль, алма, анар, арбуз, алча жана карагат.

3 күн жашыл

Бул күнү жашыл түстүү: капуста, бадыраң, киви, алмурут, салат жалбырагы, жашыл калемпир, чөп-чар, брокколи, алма, жалбыз (мята) жана көк чай.

4 күн кызгылт сары

Апельсин, мандарин, сабиз, ашкабак, манго, чычырканак, шабдаалы, хурма, папая, как, помидор жесеңиздер болот. Бир күн ичинде 1 л сабиз же апельсин ширесин ичүү керек.

5 күн кочкул кызыл

Аты аталгандай эле кочкул кызыл өңдөгү: баклажан, кара өрүк, кара бүлдүркөн, жузүм, карагат кирет. Кара өрүк, жүзүм ширесин же компот ичсе болот.

6 күн сары

Бул күндүн менюсу-жумуртка сарысы, ананас, өрүк, сары түстөгү болгар калемпири, алма, бал, сыр, кабачки, шабдаалы. Бал кошулган суу, шабдаалы жана ананас ширеси ичилет.

7 күн түссүз

Бул орозо күн - эч нерсе жебей жалаң гана газдалбаган минералдык суу ичилет. Эгер тамак-ашсыз чыдай албай жатсаңыз, анда быштактын көк сүтүн колдонсо болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!