Түндө жегенге болбой турган тамактар!

Түндө жегенге болбой турган тамактар!
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 15:36

Жалпысынан түндө таптакыр тамактан баш тартса жакшы, бирок эгер сиз бир нерсе жегиңиз келсе, кайсы тамактарды жебеш керек экенин билип алыңыз!

Түн киргенден тартып метаболизм жай иштей баштайт, ошондуктан калория жай сиңет. Бул тамактар организм тарабынан эритилбей, сиңбей ал майга айланат. Алар кайсылар десеңиздер:

Кара шоколад

Организм түндө кантты тез кабыл алат, ал эми ал өз кезегинде бел менен курсактагы майга айланат.

Салат жалбырагы

Бул салат жалбырагы ичте газ пайда кылып, түндө курсак “көөп” чыгат.

Эчкинин сүтүнөн жасалган сыр

Курамындагы майлар ашказандын көөп кетишине жана уйкунун бузулушуна алып келет. Салмакты бирдей кармаш үчүн жакшы уктоо керек экенин эстен чыгарбаңыз!

Ак нан

Курамында клетчатка аз болгондуктан, адам тамактангандан кийин бир нече сааттан кийин кайра ачка боло берет.

Ачуу калемпир

Ашказан кычкылын активдештирип, уйкуну бузат.

Макарон

Курамында калория бар. Анын ордуна жашылча-жеми жеңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!