Сушини жакшы көргөндөн абайлаңыздар!

12-Май 2017, Жума

Азыркы күндө көпчүлүк сүйүп жеген суши адамдын ден соолугуна кооптуу экендиги аныкталып жатат. Жакында португалялык гастроэнтерологтар (ашказан, ичеги карын ооруларын дарылаган дарыгерлер) япон ашканасынын тамагы болгон сушинин паразиттик оорулардын таралуусуна себепчи экендигин аныкташты. Бул тууралуу vredPolza.ru сайты маалымат таратты.

Макалада адистер сушинин адам өмүрүнө кооптуу жактарын мисалдар менен далилдешкен. Анын зыяндуулугу сушинин курамындагы чийки балыктан келип чыгат. Аны ар дайым жеп туруу паразиттер менен жана боордун рак ооруларына алып келүү коркунучу жогорулайт.

Классикалуу суши, эч кандай жылытуу иштерине кабылбайт, адамдын денесине кирген чийки азыктардан паразиттер кирип кетүү коркунучу жаралат.

Ал чийки балык узун лента сымал жана тегерек курттарды алып журүүчүлөр болуп саналат. Ал эми алардан арылуунун бирден бир жолу бул туура термо тазалоолордон өткөрүү жана азыктарды тоңдуруу. Көпчүлүк мите оорусу, чийки балыктарда басымдуулук кылат.

Дарыгерлер анизакидоздун алгачкы белгилерине дыкат көңүл бөлүп, балыкты туура тандоого, тамак ашка кошоордон мурда анын тазалыгына маани берүү керектигин эскертишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!