Имбирди кантип ичүү керек?

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Суусунду кандыруучу рецепт

Арыктоо үчүн жайкы имбирь чайы жаны кайнатылган (эгер кондиционер бар мекемеде болсоңуз) жана муздатылган түрүндө да (муздак сергитүүчү суусундуктарды) жакшы. Анын курамындагы ак жана көк чай арыктоо үчүн натыйжалуу жардам берген суусундуктардын катарына кирет. Ал зат алмашуу процессин тездетүүчү тейин (кофеин чай) жана кычкылдануу процессин токтотуучу катехин антиоксиданты бар.

Даярдоо ыкмасы:

1 литр имбир суусундугу үчүн ак жана көк чайдан 3-4 чай кашык, 4 сантиметр имбирь тамыры, ½ лимон, даамына жараша жалбыз же лемонграсс керектелет.

Имбирди жука кылып туурап алып, лимондун кабыгын сургүчтөн өткөрүп, 500 мл сууда 15-20 мүнөт кайнатасыз. Андан соң лимонду туурап, жалбыз же лемонграссты артынан кошуп, 10 мүнөттөй отун өчүрүп ысык мештин үстүндө коё турасыз. Даяр болгон суусундукту чыпкалап аласыз. Өзүнчө идиште чай кайнатасыз ага да 500 мл суу куюп, 3 мүнөт кайнатып (антпесе чай ачуу болуп калат) аны да чыпкалап имбирь-лимон суусу менен аралаштырасыз.

Кантип ичүү керек?

Бир күн бою тамак ичээр маалда бир аздан ичип туруу керек. Тамактан кийин дагы жана ач карын да ичпеңиз. Бир убакта 30 мл же болбосо бир нече ууртам эгер сиз бөтөлкөдөн же термокружкадан ичип жаткан болсоңуз. Бул ыкма менен суусундуктун оптималдуу сиңишине көмөк берип жана диуретикалык интенсивдүү оордуктан алыс болосуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!