Кечкисин эмне жесе болот?

01-02-2017

Диета кармагандар үчүн кечки саат алтыга чейин тамактанып алууга аракет жасаган оң. Эң жакшысы курамында белок, жеңил углевод заттары бар азыктарды кабыл алуусу мыкты жардам берет. Маселен, быштак, балык, жер-жемиш жашылчалар. Бул ыкма сиздин организмди жаңы тамактануу жолуна даярдайт. Эртең менен сергек ойгоносуз.

Эгер кечинде ашкере көп тамактанып алсаңыз, анда эртең менен абдан ачка болуу менен ойгоносуз. Эч нерсеге карабай курсакты кампайтууга шашыласыз.

Эгерде кечкисин ачка болсоңуз, төмөндөгү тамак-аштар табитти басууга жардам берет.

1. Бир стакан айран

Эгер ачка боло баштасаңыз бул эң жакшы ыкмалардын бири. Майлуу 100 г айранда 56 Ккал, ал эми майлуу эмеси 100г 30 Ккал болот. Ошондуктан кечкисин ичилүүчү 1 стакан айрандын курамында 140 же 75 Ккал болот.


2. Грейпрфрут

Дамдуу жана пайдалуу, ошол эле маалда май топтобойт. Организм аны сиңирүү үчүн грейпфруттун курамындагы калорияны сиңирүүдөй эле күч сарптайт.



3. Ананастын кичине бөлүгү

Бул азык майлуулугу аз жана ачкалыкты токтотууга жардам берет.




4. Алма

Аз өлчөмдө жегенге болот, бирок көп жеп алса ачка кылып жибериши мүмкүн.




5. Кургатылган жер жемиштер

Өзгөчө кечке маал табитиңиз таттууларга тартып турса, анда сиз үчүн эки жана үч даана кургатылган өрүк же как жеп койсо болот.




6. Жаңгак

Албетте жаңгактар өтө майлуу болгондуктан бир аз гана жаңгак менен табитти басаңдатууга болот.



7. Банан

Бир даана бананды алып, бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, аны шашпай жайдан жесе ачкалыкты басууга жакшы жардам берет.



8. Сууга бышкан жер жемиштер

Аз өлчөмдөгү сууга бышкан жер жемиштер сиздин фигураңызга зыян алып келбейт.





Эске сактай кетүүчү нерсе түнкүсүн ачкалыктан майлуу жана таттууларды жеп алып организмди кыйнап, оорутуп албаш үчүн кечкисин жеңил тамак-аштардан жеп жаткан жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!