Капуста диетасы

8-Июнь 2017, Бейшемби

Капуста диетасы абдан кыйын. Бирок тез натыйжа берет. Диета кармаган кезде канчалык суу, көк чай ичсеңиз ошончолук жакшы, ага чек коюлбайт. Тагыраагы– 1-2 литр суу ичүү кажет. Кофе зат алмашууну тездеткендиктен, таңкы ашка гана сунушталат. Диета кезинде туз менен шекерди унутпаңыз. Узактыгы 10 күнгө созулган бул диетаны эки ай сайын кайталап турууга болот.

Капуста диетасынын менюсу:

Эртең мененки тамакка: көк чай, кофе, газдалбаган, минералдуу суу;

Түшкү тамакка: сабиз менен капустадан жасалган салат. Кайнатылган уй эти, майы жок балык. Ушулардын бирөөсүн да 200 грамдан ашпагандай кылып аласыз.

Кечки ашка: капуста салаты, бир жумуртка кайнатылган, бир алма жана банандан башка жемиш жесе болот.

Уктаардан эки саат мурда 1 стакан майсыз айран (1%).

Капустадан жасалган салаттын ордуна жер-жемиштен жасалган сорпо ичсе уруксаат.

Эч кандай машыгуу жасабай эле он кундө 6-10 килограмга чейин арыктай алсаңыз болот. Диета учурунда спирт ичимдиктери, ун, кондитер азыктарын колдонууга такыр болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!