Турмушка чыккандар эмнеге толуп кетет?

13-Июнь 2017, Шейшемби

Аялдар турмушка чыкса, сүйүктүүмө жеттим, бүттү деп сезишсе керек. Үй-бүлө кургандан кийин аялдар көпчүлүгү толо башташат. Бул кубулуштун да белгилүү себептери бар.

1. Күйөөңүз менен бирге тамактансаңыз
Күйөөгө чыга элек учурда кечки ашка сабиз менен алмадан жасалган салат гана жечүсүз. Ал эми эркек киши мындай тамакка тойбой калуусу анык. Күн сайын эт салып түрлүү тамактарды жасап жолдошуңуздун курсагын тойгузам деп өзүңүздүн фигураңызды карап жүрүү кыйын. Анын үстүнө психолог адистердин айтуулары боюнча, аялдар жубайларынын тамак ичүү салтын өздөрүнүкү кылып алышат экен. Көп тамак жегенди адат кылат. Бул жагдайды кантип өзгөртүү керек? Картошка, паста, күрүч азыктарынын өлчөмүн азайтыңыз. Кечки ашка чийки же болбосо бууга бышырылган жашылча-жемиш көп колдонуңуз.

Ашыкча салмактан арылуу үчүн төмөнкү эрежени эстен чыгарбаңыз: эртең мененки тамакка – 300 ккал, түшкү ашка– 400 ккал, түштөн кийинки чайга– 150 ккал, кечки ашка – 500 ккал, кечки жүрөк жалгап алууга– 150 ккал.
2. Пайдалуу тамак даярдоого кол тийбейт
Кош бойлуу жана эмизүү маалында аялдар 2ден 10 килограммга чейин салмак кошушат. Баласын мектепке бергенден кийин да арыктай албай жүргөн апалар да бар. Баласы бар үй-бүлөлөр жумасына 35 грамм майды ашыкча колдонушат. Мунун башкы себеби, ата-эненин пайдалуу тамак бышырууга убакыты болбой, досторконго жарым фабрикаттардын орун алганы-сосиска, колбаса, тез даярдалуучу тамактардын кесепетинен келип чыгат. Муздаткычка ар дайым пайдалуу тамак-аштар сакталуусу керек. Аларды даярдоодо да жеңил болуусу кажет. Муздатылган жер-жемиштер, тоок эти, жумуртка, быштак.
3. Баладан калганды жеп

Буламыктын бир эки кашыгы, идиштин түбүндө калган шорпо, таттуулардын калдыгы, банандын жартысы- булардын баардыгын тамак деп эсептебей оозго сала беребиз. Күн сайын жеген калдыктарыбыз кем дегенде 300–400 ккалга чейин жетип калат. Тагыраак айтканда, кечки аш менен барабар деңгээлге жетет. Толуп кеткиңиз келбейби? Анда баланын тамагынын калдыктарын жегенди токтотуңуз. Ал эми жемиштердин калдыктарын туурап түштөн кийин жегенге болот.
4. Диванда дем алсаңыз

Үйдүн бүтпөгөн оокаттан бүтүргөн соң диванга келип жата калгыңыз келет. Көк чай ичип, же болбосо чайга конфет, печенье кошуп жейсизби... Дем алуунун башка ыкмаларын колдонгон оң. Мисалы, йога же болбосо медитация. Булар эч бир ашыкча кыймылды талап кылбайт. Уктаар алдында бул ыкмаларды жасап эс алсаңыз, уйкуңуз тынч болот. Дагы бир эскерте кетүүчү жагдай сыналгы алдында же китеп окуп отуруп тамак жебеңиз.

5. Өзүңүзгө убакыт жетпейт

Үй-бүлө менен жумуштун ортосунда чапкылап жүрүп спорт менен машыгууга убакыт калбай калат. Ал үчүн оңой чечим бул физиологиялык салмагы бар аракеттерди белгилеп алуу. Жумасына үч жолу спорт залга баруу шарт эмес. Башкысы дене кыймылдарына себепчи болгон аракеттерди көбөйтүү зарыл. Лифт менен жүрүүдөн баш тартыңыз. Жумушка чейиин бир аялдама эрте түшүп жөө басыңыз. Мунун баары аялдар үчүн жетиштүү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!