Көк алманын пайдасы

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Адам баласынын организмине пайдалуу жемиштерди бири - көк алма. Дарыгерлердин айтымдарында, алманы канчалык көп жесеңиз, анын пайдасы ошончолук көп болот. Күнүнө эки даана алма жеп турсаңыз кан басымыңызды бир калыпта сактап жүргөнгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле алманын суюктугу организмдеги туздуулукту азайтып, өз калыбына келтирет. Уктаар алдында алманын согун ичсеңиз ичкен тамагыңыз жакшы сиңип, тишиңиздин бекем болуусуна шарт түзүп, өзүңүздү жеңил сезесиз. Негизинен баардык эле алмалар ден- соолукка пайдалуу. Алардын курамы пайдалуу заттарга витаминдерге, микроэлементтерге, С, В1, В2, Р, Е, марганец жана калийге бай.


Ошондой эле организмдеги кан айланууну жакшыртат жана темирди оңой өздөштүрөт. Мындан сырткары алмада клетчаткалар, пектиндер көп жана боор, бөйрөктүн иштешин жакшыратат. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачкалык сезилбейт. Алма жаштыкты жана сулуулукту узакка сактап калганга да жөндөмдүү келет. Кандагы холестеринди азайтат.

Көк алма темирге бай

Кызыл жана абдан жакшы бышкан алмаларга караганда көк алмада салыштырмалуу витаминдер абдан көп. Кызыл алмалар химиялык реакциялардан кийин кызарып, күндүн нурлары аларды кызарганга муктаж кылат. Темирдин булагы болгон – көк алмалар ден соолукка абдан пайдалуу. Көк алманын данектери адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат.

Иммунитетти бекемдейт

Алманын курамындагы хлорофилл кандагы эритроциттердин иштеп чыгышын жөнгө салат, иммунитетти чыңдайт. Жеңил-желпи сасык тумоого туруштук берет.

Көк алма бырыш жазат


Алманын кайнатмасы теринин бырыштарын эң сонун жазат жана жагымдуу кылат.

Алманын кабыктарын аарчып, 50 грамм сууга салып, кайнатып, ага бир нече апельсин кабыктарын кошуп, 2 саат коюп, тундуруп коюу керек. Муну күн сайын бетиңизди жууп колдонсоңуз болот. Теринин сыйдам, жаш, чың көрүнүшүнө жардам берет. Көк алманын жаңы ширеси терини витаминдер, мөмө кислоталары, туздар, эфир майлары менен камсыз кылат.

Кургак бетти калыпка салат

Кургак бетке калыптандыруучу маскаларды койсо, жардамын берет.

4 чоң кашык алма уксусун алып, бир аз гана жылытып, ага 3 чай кашык суюк бал жана 2 чоң кашык кайнак суу куюлуп даярдалган сулу боткосун кошуп, жакшылап аралаштырып, маска жасайсыз. ⤵

Аны таза бетке 30 мүнөт коюп, андан кийин аны кебездин жардамы менен алып, жылуу суу менен чайкап коюу керек. Витаминдер жана азыктандыруучу заттар терини чоюлчаак кылып, кургак кылбай, сыйдам абалына келтирет. Эгер тери абдан кургак болсо, бул ыкманы жумасына эки жолу

кайталасаңыз болот. Ошондой эле бул маскага 2 чай кашык коюу сүттү кошуп койсоңуз, азыктандыруучу касиети мурдагыдан да жогорулайт. Бир кашык зайтун майы менен алманын боткосунун аралашмасын таза бетке 15-20 мүнөт сүйкөп, анан жылуу суу менен чайкаңыз. Жаңгак, жумуртканын сарысы менен алманын боткосун жакшылап аралыштырып, таза бетке 30 мүнөт коюңуз.

Бир кашык каймак, грейфруттун ширеси жана алманын боткосун аралаштырып, таза бетке жарым саат кою андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бир кашык алма менен сабиздин боткосу жана майы жок айрандын аралашмасын 15-30 мүнөт бетиңизге коюңуз.

Салмакты сактайт


Көк алма - ашыкча салмак менен күрөшүп, организмди витаминдер менен камсыз кыла алат. Буга андагы абдан көп витаминдер менен өтө аз калориясы себепчи болот. 100 грамм алмада 35 калория бар. Ошондуктан көк алма жеп, ашыкча салмактуулукту унутасыз.

Көк алма тиш агартат



Тиштериңиздин бүтүн жана агарган берметтей болуусун кааласаңыз көк алманы көп жеңиз. Кызыл алмага караганда көк алмаларда шекер аз жана тиштердин бүйлөсүн чың сактап, тиштерди оорутпай агартат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!