Сууда сүзгөндөн кийин ачка болосузбу?

23-Авг. 2017, Шаршемби

Организмге оордук жүктөлгөндөн кийин энергиялык чыгашаларды толтурууну талап кылат. Ал эми сүзүүдө жөн гана түшүп чыксаңыз дагы көптөгөн булчуңдар ишке тартылып, энергия сарпталат. Бул бассейинге түшкөндөн кийин гана эмес, ар кандай машыгуудан соң дененин калыптуу мүнөз-кулку. Ошентсе да тамактанууга дароо киришпеңиз, жакшы диета тууралуу машыктыруучу же диетолог дарыгер менен кеңешиңиз.

Экинчи жана маанилүү фактор туура эмес тамактануу болуп саналат. Адамдар өздөрүнө гана ылайыктуу диетаны кээде гана карманышат. Дисбаланс, тартипсиздик – мунун баары түрдүү жагдайларга мисалы, ашыкча салмак, зарна жана башка кыйынчылыктарга (машыгуудан кийин ачка болуу да алардын бир бөлүгү болуп саналат) алып келет.

Бассейнден кийин ачка болуунун пайда болуусунун дагы бир себеби - бул организмдин гипотермиясы тагыраак айтканда муздап калуусу. Сүзүү режиминде үзүлүштөрдө саунага кирип чыгуу керек (бар болсо) же болбосо сүлгү менен оронуңуз. Гипотермия болган кезде организм денени жылытуу үчүн тамактангысы келет. Кайрадан машыктыруучу менен кеңешүү кажет. Эс албай рекорд коюу үчүн тынбай сүзүүгө же сууда жөн гана эки-үч сааттан ашык болууга болбойт. Баардык нерсенин өз убактысы болот керек болсо спортто дагы.

Эгерде машыктыруучу жана дарыгер да жок болсо, анда ар бир 15-20 мүнөт сайын суудан чыгып туруу керек. Сүлгүнү жамынып эс алыңыз, аздан сууга түшүгө жана тамактануу режимиңизди кармоого аракет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!