Каныңыздын тобуна жараша тамактаныңыз!

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Диетология - бул абстракттуу илим. Бул илим биз колдонгон тамак-аштын организмге кандай таасир берээрин үйрөтөт. Күнүмдүк жеген тамак-аштын курамында суу, кычкылтек сыяктуу маанилүү 45-50 зат болушу керек. Мындай маанилүү заттар беш топко бөлүнөт: белоктор, углеводдор, майлар, витаминдер жана минералдык заттар. Булардан ар биринин өзүнүн аткара турган функциясы болот. Арийне, диетанын түрлөрү абдан көп, сиздерге диетанын жаңы түрүн сунуш кылабыз.

Кандын тобуна жараша диета


Бүгүнкү күндө адамзат баласы жагдайга же болбосо шартка байланыштуу ар түрдүү диетаны колдонуп келет. Диетаны кыргыздар мүнөздөп тамак ичүү деп коет. Эгерде сиз ден соолукта болуп, жашоонун ырахатын көргүңүз келсе, анда күнүмдүк ичип жаткан тамак-ашыңызга терең көңүл бөлүңүз. Кандын тобуна карап диетага отуруу - бул жаңылык. Ошентсе да бул диета жыйынтык береби деген суроо туулат. Негизи бул диетаны кармаган он кишинин тогузу каалагандай жыйынтык алууга жетишкен. Бул өзгөчө диета биздин организмибиздеги тигил же бул ооруларыбызды тереңирээк билүүгө жардам берет. Биз күнүмдүк турмушубузда колдонуп жаткан тамактар организимдин ар бир клеткасына оң же терс таасирин тийгизет. Ал эми кандын тобуна жараша мүнөздөп тамак ичүүдө организм максималдуу пайда табат.

Эмне үчүн кандын тобу маанилүү?

Кандын топтору жөнүндөгү илим адамзат тарыхындагы бардык тепкичтерден өтүп өнүгүп келатат. Кандын тобу ар бир адам баласынын жарык дүйнөдөгү генетикалык өзгөчөлүгүн жана кайталанбастыгын билдирет.

Кандын кайсы топто экендиги биз колдонуп жаткан тамак-ашка кандай тиешеси бар деп таң калаарсыз, көрсө, бул өтө маанилүү маселе экен. Себеби, денебиздеги кан биз жеген тамак-ашка кадимкидей оң же терс химиялык реакция берет. Баарына маалым болгондой, адам баласынын каны төрт топко бөлүнөт. Кандын ар бир тобу бири-биринен биологиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Ал өзгөчөлүктөр медициналык тил менен антиген деп аталат. Антиген- бул денебиздин эң үстүңкү клеткаларда жайгашкан химиялык индикатор. Ошондой эле курамында белок ар түрдүү заттарда канга таасир берүүчү лектин фактору кездешет. Эгерде каныңыздын тобуна туура келбеген азыктарды жесеңиз лектиндер кайсы бир органдын тегерегине топтолуп, кандын клей сыяктуу жабышчаак болушуна алып келет. Бул нерсе сөзсүз түрдө тамак сиңирүүнү бузуп, ден-соолугуңузга терс таасир этет. Натыйжада зат алмашуу жана гормоналдык баланс бузулат. Бирок, лектинден качып кутулууга болбойт. Ал бардык азык- түлүктөрдө кездешет Эске алчу нерсе - мисалы, буудай менен соянын курамындагы лектиндер формалык жагынан эки башка болот. Буудайдагы лектин клей сыяктуу келип, кандын курамындагы кантка кошулганда ого бетер жабышчаак болуп чыга келет да, бир далай дартты пайда кылат. Ал эми соянын курамындагы лектин жабышчаак эмес. Негизи эле кандын тобу сиздин организмдеги кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу билдирип турат. Организмге эмне жетишпей тургандыгын кан аркылуу аныктап, ошого тиешелүү азык-түлүк пайдалансаңыз, ден-соолук маселеси оң жакка оойт. Эгер кандын тобуна туура келбеген тамактарды жесек ал канга терс таасирин берип, ар кандай оорулардын пайда болушуна алып келет. Ошондуктан, туура тамактанууну баштаңыз. Ден-соолук жана бакыбат жашоо сиздин колуңузда.

Кайсы кандын тобуна кандай тамактар туура келет?

1-топ


Эмнелер жакшы? Эттин бардык түрү, жашылча-жемиштер, кара нан.

Эмнелерди чектөө керек? Дан өсүмдүктөрүнөн жасалган азыктарды, өзгөчө овсянканы.

Эмнелерден качуу керек? Капустадан, жүгөрүдөн, кетчуптан.

Пайдалуу суусундуктар: көк чай, ит мурундан, жалбыздан демделген чай.

Нейтралдуу суусундуктар: пиво, кызыл жана ак вино.

Зыяндуу суусундуктар: кофе, арак.

Арыктоого жардам берүүчү азыктар: балык жана башка жеңиз жандыктары, йоддолгон туз, уйдун эти, боор, көк чөптөр, брокколи капустасы, редиска.

Сунушталган витаминдер жана минералдык заттар: В тобунун витаминдери, кальций, марганец.

Кайсы витаминдерден качуу керек? А жана Е витамининен

2-топ


Эмнелер пайдалуу? Жашылчалар, чөп-чарлар, соя, балык, жер-жемиштер.

Эмнелерди чектөө керек? Апельсин, мандарин, банан.

Эмнелерден качуу керек? Жылкынын жана коондун этинен.

Пайдалуу суусундуктар: кофе, көк чай, кызыл вино, сабиздин, ананастын, грейпфруттун, алчанын ширеси.

Зыяндуу суусундуктар: апельсин ширеси, кара чай.

Арыктоого жардам берүүчү азыктар: өсүмдүк майы, соя, жашылчалар, ананас.

Сунушталган витаминдер жана минералдык заттар: В, С, Е витаминдери, темир, цинк, селен.

Кайсы витаминдерден качуу керек? А витамининен.

3-топ


Эмнелер пайдалуу? Эт, балык, сүт азыктары, жумуртка, жашылчалар.

Эмнелерден качуу керек? Деңиз жандыктарынан, тооктун этинен.

Пайдалуу суусундуктар: көк чай, чөп чайлар (женьшень, шалфей, малинанын жалбырагы), капустанын, алчанын, ананастын ширелери.

Нейтралдуу суусундуктар: апельсин ширеси, вино, кофе, кара чай.

Зыяндуу суусундуктар: помидордун ширеси.

Арыктоого жардам берүүчү азыктар: салат жалбырагы, жумуртка, боор, соя.

4-топ


Эмнелер пайдалуу? Баарын аралаш колдоно берсе болот: койдун эти, тооктун эти, балык, боор, сыр, грек жаңгагы, жер жаңгак, жашылча-жемиштер.

Эмнелерди чектөө керек? Гречка, жүгөрү, кескин жана кычкыл даамдуу жемиштерди.

Пайдалуу суусундуктар: кофе, көк чай, ромашкадан, ит мурундан, женьшенден демделген чайлар.

Нейтралдуу суусундуктар: пиво, вино, жалбыздан демделген чай.

Зыяндуу суусундуктар: липадан жасалган чай.

Арыктоого жардам берүүчү азыктар: соя, балык, кычкыл сүт азыктары, ананас.

Сунушталган витаминдер жана минералдык заттар: С витамини жана цинк, селен.

Соңку сөз

Кандын тобуна жараша тамактануудан сиз пайда гана табасыз. Бул сиздин организмдеги аллергия жана ар кандай өнөкөт оорулардан арылууга жардам берет. Ошондой эле ар түрдүү оорулар менен күрөшүп, организмдеги ашыкча туз, май, токсиндерди сүрүп чыгарат. Натыйжада, клеткалар жабыркабай, ден-соолук жайында болот. Диетанын бул түрү жашооңузду өзгөртөт. Муну менен эле тим болбостон, ден-соолугуңуз чың болуп, салмагыңыз бир калыпта сакталып, эч кандай оорусуз узак өмүр сүрөсүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!