Жалгыз тамактанбаңыз

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:14

Жалгыз тамактануу ичтеги майдын топтолуусуна алып барат. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат булагы кабарлайт.

Түштүк Корея окумуштуулары жалгыз тамактануу ичтеги майдын жыйналуусуна алып келерин жана метаболизм синдромунун пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды. Окумуштуулардын изилдөөсү “Obesity Research & Clinical Practice” журналынын сайтында жарыяланган.

Алар 7752 адам арасында сурамжылоо жургүзүшүп, респонденттердин канчалык көп жалгыз тамактанышаарын эсептешти. Клиникалык статистикага таянып, жалгыз тамак жегендерде метаболизм синдрому көбүрөөк байкалганын аныкташкан.

Күнүнө кем дегенде эки ирээт жалгыз тамактанган ар бир эркек кишиде синдромдун пайда болуу коркунучу бир нече адам менен тамактангандарга караганда 64 пайызга жогору болгон. Ал эми аялдарда бул көрсөткүч 29 пайызды түзгөн. Буга кошо, эркектерде толуп кетүү коркунучу 45 пайызга улгайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!