Кыздарга пайдалуу спорттун түрлөрү

3-Ноя. 2017, Жума, 10:17

Кыздар арыктоо, булчуң эттерин чыңдоо максатында, келбетин бир калыпта сактоо ниетинде дене көнүгүүлөрүн жасашат. Машыгууну жаңыдан баштаган кыздар алгач бир катар маалымат менен таанышып албаса, алектенген спорттун ден-соолука тийгизген пайдасынан зыяны көп болуушу мүмкүн.

Мисалы таэквондо, каратэ сыяктуу спорт түрлөрү кыз баланын денесин өтө эле каттуу кылып, эркектердин денесиндей кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан кыздар бул спорт түрлөрү менен машыккандары оң:

Сүзүү

Көлдө же бассейнде сүзүүнүн сырткы келбетке да, ден соолукка да келтирген пайдасы мол. Дененин баардык булчуң эттин кыймылда болушун камсыз кылып, дем алууну жакшыртат. Кан айланууну, уйкуну ирээтке келтирип, маанай ар дайым көтөрүңкү болушуна себепчи болот.



Пилатес

Пилатес да баардык булчуң эттердин кыймылда болушун камсыз кылуучу атайы спорт түрү. Мында адамдын жан дүйнөсү менен денеси бирдей ыргакка түшөт. Машыгуу учурунда туура дем алып, ойду бир нукка буруу маанилүү роль аткарат. Колдун, буттун, арка булчуң эттери бекем болуп, ашыкча салмактан арылгыңыз келсе пилатес менен ар дайым машыгууга аракет кылуу керек. Бул спорт түрү менен атайы куралдарсыз үйдө да жасоого болот. Бир жума ичинде 40 мүнөттөн 2-3 жолудан машыксаңыз жетиштүү болот. .


Аэробика

Бул спорт түрү денедеги булчуң эттерди тез аранын ичинде бекем жана каттуу болушун камсыз кылат. Алгач баштаган учурда денеге оорулук келиши мүмкүн. Ошондуктан көнүгүүнү толук жана туура аткарып жатканыңызга ынануу үчүн машыктыруучулардан жардам сураңыз. Антпесе бир булчуң этти чыңдайм деп организмдин башка бир мүчөсүнө зыян келтирип алышыңыз мүмкүн.



Бий

Спорттун эң көңүлдүү да, пайдалууда түрү болуп саналат. Өзгөчө кыз балдар үчүн бийден артык машыгуу жок. Бийлөөнүн кайсы гана жанры болбосун ден соолукка пайдалуу, өзгөчө тез кыймылда болчу сальса, самба, танго, ба-ча-ча бийлери жакшы натыйжа берет.

Велоспорт

Бул да кыздар үчүн эң ыңгайлуу жана кол жетимдүү спорттун түрү. Велосипед тепкенде буттун гана эмес, дененин баардык булчуң эттери чыныгат. Бир жумада 1 сааттан 3 жолу велосипед тебиңиз, максатыңызга жетесиз. Андан да тез ийгиликке жетишкиңиз келсе, узак алыстыкка айдап көрүңүз. Мында да бир калыпта дем алуу маанилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!